www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Франциянын президенти Макрон менен алты саат тынбай сүйлөшкөн соң, экөө элге чыгышты. Эгер Украина НАТОго кирсе Крымды талашат. Согуш чыгып кетиши мүмкүн, НАТОдогу бүт отуздай европалык мамлекет айласы жок Орусияга каршы чыгат. Орусия тим жатмак беле, үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетиши мүмкүн. Албетте,Орусия НАТОнун алдында алсыз, бирок Орусия ядролук держава «Атып өлгүчө, жатып өл» деп ядролук куралдар ишке кирип кетиши ыктымаал- деди Путин пресс-конфаренцияда. Алты саатта кандай сөздөр сүйлөшкөнүн ким билет, Бирок АКШ президенти Байден Макронго эч кандай келишимге кол койбосун айткан дешет. Москвадан соң Макрон Киевге барып Зеленский менен эки саат сүйлөштү, Зеленский Норманд форматына макул болгонун билдирди.

Орусия НАТОнун Чыгышты көздөй жылышына же Украинанын НАТОго киришине каршы болгон. 12 - январда Брюсселде болгон жыйында НАТОнун Башкы катчысы НАТО кимди кабыл аларына Орусиянын тиешеси жок,аны бул уюмдагы 30 мамлекет чечет деп билдирди. Украина менен кошо НАТОго мурун нейтралитетти кармап турган Швеция менен Финляндия кириши мүмкүн. Алар да Орусиядан чоочушуп бул альянска кирише турган болушту.

АКШ менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр да жакшы натыйжа берген жок. Улуу Британиянын премьер-министри Джонсон ортого от жагып отту үйлөгүсү келип турат. Байдендин пресс-катчысы Джен Псакинин айтымында Орусия президенти Владимир Путин менен Жо Байдендин ортосундагы сүйлөшүүлөр азырынча белгисиз. Декабрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүлөр болор алдында АКШ Украинанын чек арасында болуп жаткан «Орусиянын аскердик активдүүлүгүнө» тан берип байланышкысы келген эмес. Бирок азыркы кырдаалды жөнгө салышпаса үчүнчү дүйнөлүк согуш дүрт этип жанып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков да бекемдеди. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында АКШ Орусия менен стабилдүү мамилелерди каалайт. Быйылкы жылы Женевада Байден менен Путин бетме-бет үч жарым саат сүйлөшкөн.

Украина менен Орусиянын ортосунда мамиле азыркы учурда тынч эмес. 1914-жылдан бери тытышып келаткан бир тууган орус-украин мамилесин жөнгө салуу үчүн Норманд форматы түзүлгөн. Бүгүн саясатчылар Аланд форматы тууралуу кеп кылып да жатышат. Деги булар эмнени түшүндүрөт? Карапайым эл эмес, азуулуу саясатчылар да бул форматтар эмне экенине кызыгып жатышкандай.

Норман форматы 2014-жылдын 6-июнунда Нормандияда Франция, Орусия, Германия жана Украина мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн. Крымдагы жана Чыгыш Украинадагы Донбасс, Луганскидеги окуяларды тынчтык жолуна салыш үчүн түзүлгөн. Булардын лидерлеринин ортосунда 2015-жылдын 11-12 февралында Минск шаарында узакка созулган талаш-тартыштан соң Минск макулдашуусу түзүлгөн. Минск макулдашуусу боюнча Донбасс менен Луганскиге өзгөчө макам берилмек, бирок бул формат ушул күнгө чейин аткарылбай нечендеген өмүрлөр кыйылып келатат. Порошенко президент кезинде “Норман форматы” ооз жүзүндө гана айтылып калган. 2019-жылдын 24-майында Владимир Зеленский президент болуп келип “Норман форматын” жандандырууга өтөт.

Президенттин маалымат катчысы, Путиндин оозуна айланган Дмитрий Песков Путин Зеленский менен жолугушууга  макул экендигин, бирок, бул маселе боюнча дыкат даярдануу керектигин  жана буга Украина да кызыкдар болушу керектигин билдирген. Былтыр Орусия Минскте боло турчу “Норман форматындагы” (Орусия, Украина, Франция жана Германия мамлекеттеринин саммити) саммитке барган. “Норман саммитинде” Донбасс маселеси да каралган. Эске салсак, эки тарап Крым жана Донбасс маселеси боюнча бир пикирге келе албай жүрүшөт.

Бул чыр-чатактуу абалдан чыгуу үчүн ар кандай форматтар айтылып жатат. Ошонун бири Аланд форматы. Швеция менен Финляндия Аланд аралдарын талашып 1918-1921 –жылдары бири-бирин жешип  шишкебек кылып жиберишкиси келген. Анткени, 1917-жылы Аланд аралы Швеция менен кошулгусу келген, бирок Финляндия өз аймагын жоготуп албаш үчүн буга макул болгон эмес. Аралдын эли 1919-жылы бөлүнүп кетебиз деген референдум өткөзүп швед тилдүү элдин 95 пайызы муну колдогон. Финляндия Аландга автономия берип, бул мамлекеттин көзөмөлдүгүндө автономияга айланат. Аланд мамлекеттин ичиндеги кичинекей мамлекетке айланат.

Аландга аскер курулуштары курулбайт, аскер кызматтарына барышпайт. Финндер бул жерге бизнес кылууга тыюу салынган, мамлекеттик тил швед тили, финн тили бул жерде чет мамлекеттин тили сыяктуу. Аланддын өзүнүн туусу бар. Мына ушинтип акыры бир жыйынтыкка келишкен.

Фолкленд аралдарын талашып 1982-жылы болгон согуш. Бул аралдар Аргентинага жакын болгондуктан, бул аралдарды өзүнүкү катары эсептешет. Бул аралдар Улуу Британияга тиешелүү болгондуктан 1982-жылдын 2-апрелинде Аргентина бул аралдарды басып алган. Улуу Британия аскер-деңиз күчтөрү менен Аргентинага сокку уруп, ошол эле жылдын 14-июнунда аралдардан Аргентинаны сүрүп чыгат. Ошол кезден бери бул аралдар чыр-чатактуу аймак катары айтылып келет. Согуш учурунда Улуу Британия тарабынан ядролук куралдар колдонулган деп да жүрүшөт.

Владимир Зеленский учурунда КВНда ойногону белгилүү. Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатактарды чечүү үчүн көптөгөн тарыхий окуяларга кайрылып жатышат. Бирок, НАТО Украинаны кабыл ала турган болду. Эми ал-абал оорлойт.Макрон ошол үчүн ортого түшүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости