www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң-Алайда ит тиштеген жаран каза болду

Чоң-Алай районунда ит тиштеп алган адам каза болду. Алдын ала диагноз кутурма болушу мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган адам 19-июлда ооруканага гидрофобия, фотофобия, акустикофобия жана галлюцинация менен кайрылган. Ошондой эле баш ооруга, алсыздыкка, тынчсыздануу сезимине арызданган.

Ал дарыгерлерге 3 ай мурун жайлоодо ит колун тиштеп алганын айткан. Клиникалык белгилердин негизинде кутурма диагнозу коюлган. 21-июлда бейтап каза болгон. Акыркы диагноз соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен гана коюла турганын Саламаттыкты сактоо министрлиги тактады. Алар азырынча даяр эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости