www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 18-сентябры саат 22:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде турукташтыруу тенденциясы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул туурлуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.
        
Жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттар чыгарылып жатат.
        
Эки республиканын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Худжанд-Канибадам/Арка-Бөрбордук унаа жолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.
       
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.  

Булак: NazarNews.kg    
              

Последние новости