www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң Чүй каналынан аял кишинин денеси табылды

Чоң Чүй каналынан аял кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 8-апрелде 102 кызматынан Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылында Чоң Чүй каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

ӨКМден жерине 6 куткаруучу тартылып, издөө-иштеринин натыйжасында Бообек жана Чым-Коргон айылдарынын кесилишинде каналдан 1987-жылы туулган С.Б. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар суудан аялдын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости