www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркындагы Көк-Ойрок корук тилкесине орнотулган фотокапкандар жапайы жаныбарлардын уникалдуу кадрларын тартып алды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, камераларга Кызыл китепке кирген ак илбирс, ошондой эле сүлөөсүн, карышкыр, жапайы доңуз, тоо текеси, улар жана башка жаныбарлар менен канаттуулар түшкөн.

Адистердин белгилешинче, алынган кадрлар Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсү жакшы сакталып, аймактагы биологиялык ар түрдүүлүк жогорку деңгээлде экенин дагы бир жолу тастыктады.

Фотокапкандар жаныбарларга зыян келтирбестен, алардын санына, жүрүм-турумуна жана жашоо өзгөчөлүктөрүнө илимий байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Последние новости