www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң манасчылар: Балык, Шапак Рысменде уулу

Санжыраны чоңчарык Балык айтчу экен, ал айтканда агып бараткан суу токтоп калчу дешет. Анын атасы Кумар Кетмен-Төбөдөн Таласка көчкөн, кийин тууганы солто Байтик хан ырчы Балыкты  Чүйгө алып келет. Бир учурда Балык өз эли сарбагышка келет, Шамен бийлеп турган кез экен, ал көп жактырбай, өз уругу чоңчарыкты паана тутуп калат. Ошол мезгилде чоңчарыкта күүлөнүп турган  Эсенбай санжырасын үйрөнсө, анын иниси  Шапак Рысменде уулу ырын үйрөнөт.

Кыргыз жергеси торпу-торпу бөксөлөр, ар бир салаа-салаа адырда туйлаган мөл булактар, ийрилип  аккан күмүш өзөндөр, чалкак төрлөр, алардын жээги, өйүз-бүйүзү- короодо кой, кермеде уй, төштө жылкы жаткандай. Ийри-Сууда жаткан Төрөгелди баатыр эрмектеп Балык менен   эшик ырчысы Айтикени айтыштырат. Айтике, кирген буурадай эле качырып кирет:

Балыкооз–Бекмурат,

Байкабай жаман кепти урат.

Батырбай Шамен тууганы,

Чоңчарыкты жеп турат.

Кара комок тезектей

Кеч көңүңдү айтамын.

Ак тасмадай сыдырып,

Аягы Талас, башы Чүй

Бирин койбой кыдырып,

Көчкөнүңдү айтамын.

Чоңойгондо жуттуң Чомойду,

Карыганда жуттуң Нанайды. 

Кабат жуттуң солтодон

Эшкожо менен Канайды.

Солтонкулду чокудуң,

Башына куран окудуң.

Субанымды сураба,

Ачык күнү тутулду.

Кара болот, Шааболот

Ырысынын барынан

Кабакка кирип кутулду.

Кудаярды куруттуң,

Ажыбекти аймадың. -

деп эле, сарбагыш Төрөгелдинин эшик ырчысы Айтике беттеп чыгат.

 

 

Балык да жөн жооп бербейт:

 

Кудай урган Айтике

Кукчуңдайсың жөнү жок.

Кудай алаар бир күнү,

Өлгөндүн несин кеп кылдың?

Өчкөндүн несин кеп кылдың?

Аягы Талас, башы Чүй

Бирин койбой кыдырып,

Көчкөндүн несин кеп кылдың?

Кыр Шиберди кыдырып,

Кыргыз көчкөн эмеспи?

Ааламды бүтүн айланып,

Жылдыз көчкөн эмеспи.

Сары Арканы кыдырып,

Ногой көчкөн эмеспи?

Жалгыз аттуу сен тургай,

Жалгыз үйлүү мен тургай,

Кечээ  Чомой көчкөн эмеспи?

Сен кызыл тил бурасаң,

Кызыталак Айтике,

Менин элим сурасаң,

Кайкардын кара көчүндө,

Чоң чынардын өзүндө

Манастын тиккен багында,

Кеңколдун маңдай жагында.

Солкулдаткан Урумду,

Болкулдаткан Кырымды.

Бүрүштүргөн бүркүттү,

Чүрүштүргөн чүрчүттү.

Залкарлар менен тең болгон,

Сарбагыш мен болом!

-   деп сарбагышты  далайга мактайт. Айтике сарбагыш Төрөгелди ырдатып жатканын туюп, ырын бурат:

Төрдөн аккан төрт арык,

Төрөгелди, Ормондон,

Төмөн качкан чоңчарык.

 

Ылдыйлап аккан төрт арык,

Ырыскулбек, Ажыдан,

Ыраактап качкан чоңчарык.

 

Жайылып аккан төрт арык,

Жантай менен Шабдандан,

Жанашпай качкан чоңчарык

– деп дагы бир топту оолугуп калган Айтике айтат. Анда  саяктарды чымчып жатпайбы Балык. Ошол мезгилде ар бир айылга саяктар толуп, эшик ырчыга айланышкан экен. Азыр деле алардын тукумдары бар.

Темирден ийген таяк бар,

Теребелди карасаң,

Тентип келген саяк бар.

 

Арчадан ийген таяк бар,

Абайлап барын карасаң,

Ар айлымда саяк бар...

дейт, анда Айтике Балыкка асыла баштайт. Сарбагыштардан өлгөн кишинин барын эле, Балык өлтүргөндөй, Балыктын мойнуна койо баштайт:

Карасартты кайсадың,

Ниязбекти жалмадың...

Ормон жактан оолак кет,

Төрөгелдиден төмөн кет...

- деп Балыкты ыр менен согуп, Айтике «кет-кет» -деп атат. Балык да оңой эмес:

Жүзгө толгон Ниязбек,

Жүдөгөндөн өлбөйбү.

Алтымышта Карасарт,

Алжыгандан өлбөйбү...

Элиңде киши өлбөсө,

Энең кана Айтике?

Айлыңдан киши өлбөсө,

Атаң кана Айтике?

- деп, кишинин ажалы келип турарын түшүндүрөт. Айтике ачууланып:

Көөнөчөктү ит баскан,

Көйнөгүңдү бит баскан.

Кермелерди ит баскан

Сенин кемселиңди бит баскан...

 

Анда Балык ырчы жөн калбайт:

Көөнөчөктү ит басса,

Куюп берер аяк бар.

Көйнөгүмдү бит басса,

Терип берер саяк бар.

 

Кермелерди ит басса,

Керип берер таяк бар.

Кемселимди бит басса

Терип берер саяк бар.

- дейт Балык. Айтике ага жооп даярдап айта турган баштанып обдулуп калганда Төрөгелди Айтикеге тап берип:

-Эми сен тентиген саякты укканда жеңилбегенде качан жеңилесиң, -деп ырды токтотуп калган дейт. Далай төкмө акындарды ыйлаткан Балыктын айтуусунда Айтике саяк оңой акын эмес экен, ал жаңы гана кызып келатканда, кантсе да сарбагыш тууган эмеспи,Төрөгелди Айтикени жемелемиш болуп токтотуп калыптыр. Болбосо, Айтикең жеп жибермек деп баалайт Айтикенин талантын.  Бул ырды Балык айтчу экен, андан Эсенбай, андан Келдибек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости