www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Bank of China Limited директорлор кеңешинин төрагасы Гэ Хайцзяо башында турган делегация ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР УБнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда банк тармагында эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстандын финансы рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, КР Улуттук банкы тарабынан учурда өлкөдөгү макроэкономикалык жагдай жөнүндө, атап айтканда, Кыргыз Республикасында акча-кредит саясаты, банк иши, төлөм системалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости