www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каттоо органынын мурдагы кызматкери Т.А.К. коррупциялык кылмыш жасоого шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-августта УКМК тарабынан, Ысык-Көл району Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 4,5 гектар болгон жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз таануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» МИнин мурдагы бөлүм башчысы Т.А.К. кармалды.

Тергөө маалыматына ылайык, Т.А.К. «Демал» айыл чарба кооперативин түзүүнүн демилгечилеринин бири болуп, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз каттоону уюштурууга активдүү катышкан.

Аталган Т.А.К. бул аракеттерди кызыкдар кызмат адамдарынын колдоосу менен, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу аркылуу ишке ашырган, бул коррупциялык мүнөзгө ээ.

Мындан улам, 2025-жылдын 27-августунда Т.А.К. убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын катышуусунда зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Последние новости