www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарынын И.Б.Ш. аттуу экс-мэринин уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев менен байланышы бар экени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү мэр болуп турган кезде кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган.

"Экс-мэр Көлбаевге Чолпон-Ата шаарындагы 10 миллион сомдон ашык каражатка бааланган жер тилкесин берип жибергени аныкталды. Анын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган куралдар, ок-дарылар табылган", — деп айтылат маалыматта.

И.Б.Ш. соттун чечими менен бир айга камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости