www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында асыл тукум койлордун “Арашан” породасына арналган эл аралык көргөзмө болуп өттү.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Иш-чараны Ысык-Көл облусунун “Арашан 09” коомунун жамааты уюштурду.

Көргөзмөгө Россия Федерациясынын Дагестан, Ингушетия жана Түндүк Кавказ аймактарынан, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Молдова мамлекеттеринен келген фермерлер жана адистер катышты.

Катышуучулар арасында “Арашан” породасына болгон кызыгуу акыркы жылдары өсүп жатканы белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө породаны өнүктүрүүгө салым кошкон алдыңкы фермерлерге тиешелүү министрликтин сыйлыктары тапшырылды.

Маалым болгондой, 2021-жылы расмий каттоодон өткөн “Арашан” породасы эт багытындагы жогорку өндүрүмдүүлүгү, тез жетилүүсү жана ири салмагы менен өзгөчөлөнөт. Учурда Кыргызстанда бул породанын саны 48 миң башка жеткен.

Көргөзмөдө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана селекциялык иштерди күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле акыркы жылдары өлкөдө асыл тукум чарбаларды колдоо багытында бир катар реформалар жүргүзүлүп, макам алуу шарттары жөнөкөйлөштүрүлгөнү белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институтунун базасында геномдук баалоо лабораториясы курулуп жатканы маалымдалды. Долбоордун наркы 7,5 миллион АКШ долларын түзүп, 2027-жылы пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Адистердин баамында, “Арашан” породасы Кыргызстандагы мал чарба тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү брендге айланып, эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө.

Последние новости