www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Атада самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт

Чолпон-Ата шаарында 22-23-август күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

"Газпром-балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтө турган мелдешке 15ке жакын өлкөдөн келген 400дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда биринчи жолу Самбо боюнча дүйнө чемпионаты өткөн.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости