www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Өзбекстандан 200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрүнөн турган чыгармачыл делегация келди.
Концерттик программаларда белгилүү артисттер, музыкалык жана бий жамааттары, анын ичинде «Навбахор» жана «Тумор» ансамблдери, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри катышат.
Маданият күндөрүнүн ачылыш аземи 27-июлда «Рух Ордо» маданий борборунда, ал эми жабылуу аземи 28-июлда Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өтөт.
Иш-чара кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана эки элдин достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган.