www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-Апрель баатыры Асылбек Чолпонбековдун аялы Арзыгүл Садыр Жапаровдун атын сатып, Аламүдүн базарында аялдарды коркутуп акчаны ашыгы менен алып жаткандыгын айтып NazarNews маалымат агенттигине кайрылды.

Бүгүн, 7-Апрель баатыры Кайып Шерди Аламүдүн базарынан 10 чакты аял кармап алып, 7-Апрель баатыры Асылбек Чолпонбековдун аялы Арзыгүл процентке акча берип, бирок аны ашыгы менен төлөтүп жатышканын арызданып, “маселебизди чечип бериңиз, болбосо Ак үйдүн алдынан өрттөнүп өлөбүз” - дешкен.

Конфликтти алдын алуу максатында Кайып Шер Асылбек Чолпонбековдун аялы Арзыгүлдөн жабыр тарткан аялдардын үнүн бийликке жана коомчулукка жеткирүү максатында биздин редакцияга байланышып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет кылды.

- Асылбек Чолпонбеков 7-Апрель баатыры. Ал жаракат алганы үчүн миллион сом, мамлекеттин эсебинен үй да алган. Мен билгени, аялы Ак үйгө кирип, балдарын бакканга каражат сурап жүрчү. Чынын айтсам, мындай иштер менен алек болгонун билген эмесмин. Азыр андан жабыр тарткан аялдардан Асылбек Чолпонбековдун  аялы тууралуу маалыматтарды угуп, таң калып жатам. Арзыгүлдөн жабыр тарткан аялдардын айтканына караганда, ал Садыр Жапаровдун атын сатат. Президенттин колу коюлган кагаздарды көрсөтүп, кирип чыктым дейт экен.

Тагыраагы, президентке түз кирип чыгам, тигини тааныйм, муну жакындан билем, унчукпай мен айткан сумманы бергиле, болбосо балам рекет, ошого айтып болсо да өндүртүп алам - деп, андан процентке акча алып, соода кылган аялдардын духун түшүрүп коюптур. 

- Арзыгүлдөн жабыр тарткан айымдар аттарын атай алабы?

- Атамак турсун, кантип кордук көргөндөрүн, күчкө салып, акчаны ашыгы менен төлө дегенинен бери айтып беришет.

- Алар сизге кайрылганча укук коргоо органдарына кайрылса майнап чыгаарын билишпейби?

- Укук коргоо органдарына кайрылгандан коркушат экен. Себеби, “Токтайым Үмөталиева менен соттошом деген, Кыргызстанды титиреткен Чынара деген юрист мен тарапта. Башка жакка кайрылсаңар да, мен утуп чыгам” – деп, аялдарды ишендирип коюптур. Ошон үчүн менден жардам сурашууда.

Чолпон Сыйдалиева: “Арзыгүл эжеден 80 миң сом процентке алсам, күчкө салып 200 миң берем дедиртип, жаздырып алды”

- Арзыгүл эжеден кандайча акча алып калдыңар эле?

- Арзыгүл эже базарга келип, “күйөөм 7-Апрель баатыры” - деди. Сүйлөшүп баарыбызга жакшынакай таасир калтырды. “Бизнесибизден түшкөн каражат бар. Кааласаңар ошону процентке берем” - деди. Күндө процентке акча алып, эптеп балдарды бакканга каражат тапчубуз.

Бир айда бир процентин бергенге болсо, ала берели деп жаман оюбуз жок процентке акча алдык. Үч-төрт ай алган акчабызга жараша процент берип аттык. Иш болбой, соода жок, ошол мезгилде акча бере албай калдык. Акча бере албай калган 1-2 айдын ичинде айтпаган сөзү, көрсөтпөгөн кордугу калган жок.

Азыр эми 80 миң алганыбызды кыйкырып, өкүрүп, урушуп жатып 200 миң алгам дедиртип, тил кат жаздырып алды. Эми ошону төлөгүлө деп, айлабызды кетирип жатат.

- 80 миң алганда үстөк пайызын төлөп аттыңарбы?

- Ооба 3-4 ай катары менен 20 миң төлөдүм. Бирок, ал алган акчаларын эсепке кошпой, менден 80 миң алгансың, “200 миң берем деп, тил кат жаз” – деп, күчкө салдырып жаздырып алды. Укуктук мамлекетте жашап жатып, кызылдай эле кыйноого туш болдук.

Айнура Абдрахманова: “Процентке акча берген Арзыгүл эже 10 күн төшөк тиктирип, үч жолу кууп чыгып, кулдай кызмат кылдырды”

- Мен да 2-3 айда 50 миң сом алдым. Бир 10 миң, бир 5 миң берип атып, 50 миң сом берди. Базарга келип кыйкырып, ызы-чуу салганынан уялып, айтканына көнүп, 10 күн төшөгүн тиктим. Анда дагы жанымды койгонбой, айтпаган сөзү калган жок.

10 күн төшөгүн тиктирип алып деле, акчасын ашыгы менен доолап жатат. Үйүнө алып барганда да, ырыстуу күн көрсөтпөдү. 10 күндө үч жолу кууп чыкты. Кетем десем зексиң деп, ойго, түшкө кирбеген сөздөрдү айтып басмырлады.

Кыскасы, көрбөгөн кордукту көрдүм. Арзыгүл эже бизди кулдай эле жумшады. Балдарым үчүн иштеп жүрөм десем, “баланы ит да тууйт”- деди. Айтор, каргап, шилеп оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты. Азыр дагы нени айтат, ооз барбаган уят сөздү дагы айтабы деп кооптонуп, ага жолугуудан коркуп жатабыз. 

- Берген акчабызды эсепке алыңыз деп айтып көрдүңөрбү?

- Айткан менен бизди укпайт. Өз билгенин жасаган аял экен. Мен инсульт алганым үчүн анын кордогон сөздөрүн көтөрө албай кыйналып жатам. Бирок, ал бирде баласын айтып коркутса, бирде жогору жактагы тааныштарын айтып, айлабызды кетирип жатат.

Акыры Кайып Шер агага кайрылып, маселебизди чечип бериңиз дедик. Тажадык. Өлүп калгандан деле коркпой турган абалга келдик, деп арыз муңубузду айтып NazarNewsка кайрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости