www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коррупционерлер акыркы кармашка чыгышты», - деп жазды жазуучу Чолпонбек Абыкеев кечээ, 19-ноябрда өзүнүн Facebook баракчасына.

«Коррупционерлер акыркы кармашка чыгышты

Кыргыз элинин, мамлекетинин канын соруп байып, жыргаал турмушта жашаган коррупционерлер бүгүн акыркы кармашка чыгышты. Алар үчүн жеп ичкенин мамлекетке төгүп бергенге караганда жалданма армиясына чачып, карапайым элдин башын айлантып, 30 жыл көз таңмай ойногон оюнун кайра улантып акыркы кармашка чыккандары пайдалуу. Анткени кайра жеңишке жетип калуулары толук мүмкүн. Себеби аларда каражат жетиштүү. Тышкы карызды төлөп койгондон да эки эсе көп каражаттары бар. Жаңы бийликтин тарткан тузагы кекиртектеринен кыскан сайын чок баскан тооктой секирип тыбырай башташты. Баш мыйзамдын долбооруна каршы чыгымыш болгон чуу көтөрүү, бул элдин башын айландырган эле шылтоо. "Эмне себеп таап чуу көтөрсөк?"- дешип коңулда жатышкан. Жалгыз карманышканы Баш мыйзамдын долбоору болууда. Бул акыркы жана жалгыз таянууга мүмкүн болгон шылтоо. Бирок менимче бул аракеттери ишке ашпайт. Эл бүгүн саясый жактан жетик. Айткандары "Ушул Баш мыйзамды кабыл алсак эле Түрүкмөнстандан да жаман болуп калат экенбиз". Айланайындар Түрүкмөндөр уктап жатканда А.Акаев ошондой Баш мыйзам токуп кабыл алдырып "Кетпес Хан болом"- деген. Эмне болду? "Өтө акылдуу тактикаларды колдонуп бийликтен кетпейм"- деген А.Атамбаев бүгүн каякта? Кыргызстанда бийлик башына келген акмак адам гана "Кетпес Хан болом" - деп кыялданбаса кичине башы иштеген адам антип ойлоно да албайт. Себеби Кыргызстанда таш жетиштүү. Баш мыйзам иштебей калса, Таш мыйзам дайыма иштейт», - дейт Чолпонбек Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости