www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлса, эл ага добуш берет, анткени документ популисттик мүнөзгө ээ. Бул тууралуу  бүгүн, 20-ноябрда экс-премьер Феликс Кулов “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” форумунда билдирди.

Ал эл “чимкириктерден” тажаганын, өлкөгө бир гана “кожоюнду” каалап жатканын айтты.

“Бирок “легендарлуу” парламентти да президент, “Ак-Жолдун” парламентин да президент жок кылганын эсиңиздерге салгым келет. Маселе, биздин президент ким Жогорку Кеңешке кирээрин өзү чечет. Карапайым калкка болсо, эгер мамлекеттин бир кожоюну болсо, анда биз андан да жакшы жашайбыз деп үйрөтүшкөн” – деди ал.

“Эми биз депутаттардын абийирине кайрылышыбыз керек, жок дегенде алардын айрымдары Конституциянын долбоору боюнча колтамгаларын кайтарып алышы керек. Экинчи жагдай: Садыр Жапаровго кайрылып, бул Конституциянын долбоору аны саясий жактан жетилгендикке сыноо экенин айтуу керек. Анын абакта отуруп, чындыктан алыстап кеткенин түшүнөм. Бирок мунун баары жаман аяктайт, ошондо ал өлкөдөн качып кетиши керек болот” – деди ал.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости