www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция менен күрөш башталып өтө жогорку рангадагы мамлекеттик жетекчилер камала баштагандан бери ММКда “Деги биздин бйликте таза иштеген адам барбы?”- деген суроо көп бериле баштады. Өзгөчө бийликке  жаңы эле жеткен, эми эл көзүнө көрүнүп кепке илинип келаткан жаштарыбыздын иштегендерине аз убакыт болбой эле “Миллиондогон долларларды жеп ичкен” – деген жарлык менен камалышы коомчулуктун келечекке болгон ишенимин тумандатууда. МегаКомго бир жылга жетпеген убакыт жетекчи боло калган жаштар “150 миллион доллардан ашыкты жеп коюшуптур”- деген жарлык менен камалышканда “Чет өлкөдөн окуп келишкен, билимдүү-илимдүү деген жаштарыбыздын кылары ушулбу”- деген ой кеткен, бирок Сапар Исаков баш болгон жаштардын тобу Өкүмөткө келгенде коомчулук дагы да болсо жаштардан үмүттөрү үзүлбөй “Эми жашоо турмушубузда өзгөрүү болоор бекен. Бийликке  жаштар келишти”- дешкендердин бүгүн  тилегин таш каап,ындыны өчүп, эл арасында “Азыркы жаштарда ынсап, ыйман, уят деген калбай калган турбайбы. Буларың жесе эле миллиондоп болгондо да доллар менен гана жешет тура. Мамлекетибиздин келечеги кандай болот”- деген түшөмөл кеп күчөп турган кези.  Жогорудагыдай колу жетери менен эле миллиондоп жегенге ашыккан жаштар кайдан чыкты? Балким маселенин ушул жагына сары эсеп салып көрбөйлүбү.

Биз ар бирибиз кайсыл бир денгээлде жашаган коомубуздун “продуктусубуз”. Эми бүгүнкү жаштарыбыз кандай коомдо тарбыяланып чоңоюшту? Бул”коррупция” - деген жети баштуу желмогуз жашообузга кайдан кантип кирип келди? Эс тутумуңарды ойготкулачы? Азыркы бала эненин жатынында түйүлдүк болгон күндөн баштап коррупция менен оозана башташат. Төрөт канага эсепке турганы барган эне биринчи эле күнү догдур издеп, ага сүйлөшүп “Жакшы карасын”- деп белек бечкек бере баштайт. Төрөгөндө болсо өзүнчө очойгон чыгымга батат. Ал түгүл баланы көтөрүп чыккан медайымга “көрүмдүгүсүз” болбойт. Кичине боор көтөргөндө бала бакчага кезекке туруп тааныш салып “ставкасын” берип атып эптеп бакчага кийирет. Анан биринчи класска киришиң канча турат? Мектепке ай сайын төлөгөнүң. Жогорку Окуу жайын айтпасам да түшүнүктүү. Өзүңөр акыл калчап ойлоп көргүлө. Дүйнөлүк илимпоздор “Бала түйүлдүк болгон күндөн баштап энеси менен атасынын таасирин сезе баштайт”- дешет. Эгер ал чын болсо түйүлдүк болгондон эле биринчи жоолукканы коррупция болуп атпайбы. Кийин эс тарткандан баштап баладагы башкы кыжалатчылыктын бири “Баланча берип атып бала бакчага оруноштурдук, мектепке андан  ЖО жайына кийирдик, ишке оруноштурдук. Сен чоңойгончо канча түйшүкө баттык”- деген ата-энесинин сөзү. Антип ата-эне айтпаган күндө деле өзү барына күбө болуп угуп, көрүп өсөт. Канча ата энелер баланын түйшүгүнөн каражаттын тартыштыгынан кыжылдашкан учурлары болот.

“Бүркүт уяда эмнени көрсө учканда ошону алат”- деген макал бар. Ошентип бүгүнкү жаштарыбыз болгону “уядан” көргөнүн алышууда го. “Кандай да болсо байыш керек, канча көп акчаң болсо ошончо жашооң жеңил болот”- деген түшүнүк менен чоңоюшпадыбы.  Анан так ушул “оорулу коомдун” продуктусунан эмнени күтсө болот?

Илгери эле жазгам “Руханий кризис экономикалык кризистен жүз эсе коркунучтуу”- деп.Экономикалык кризистен ашса 5 жылда чыгып кетсе болот. Руханий кризистен чыгууга ондогон жылдар кетет.Ал түгүл муундар алмашышы керек.

Алгач кантип ушундай ириген коомго кирип кеттик ошону табалы. Коммунисттик система алмашып капитализимдин киришиндеги “өткөл мезгилде” мамлекеттик денгээлде “өткөл мезгилдин башкаруу системасын” түзө албадык. Тескерисинче “жапайы” жолго, ким эмнеге жетсе талап-тоноп алмайга түштүк. Фабриканын директору фабрикан. Заводдун дректору заводду менчиктештирди. Кыскасын айтканда бийликте турган бир ууч топ мамлекеттик бүт байлыкты өз ара бөлүшүп алышты да карапайым калың эл эч нерсеге жетпей “итке минген кедей” болуп талаада калды. Ошентип кечө эле заводдо көп жыл иштеген жумушчудан да төмөн айлык алып өп-чап жашоо өткөргөн “атка минээр”  эбегейсиз бай, олигарх болуп чыга келди. Болгондо да мыйзамдуу түрдө. Алар кимдер десең “Кыргыздын 100 байы” – деген тизмени карасаңар эле турушат. Бири да ак эмгеги менен байышкан эмес. Бүт мамлекеттин,элдин эсебинен байыгандар. Болгону ошого мыйзамдарды өздөрү ылайыкташтырып тууралап алышкан да “мыйзамдуу” болуп калышкан.

Кыргызстан чакан өлкө. Бири бирибизди өңүбүздөн тааныйбыз. А.Акаев Пезидент болгонго чейин  ченелүү оокаты бар катардагы окумуштуу экенин барыбыз билебиз. Ошондой эле А.Жумагуловду, Т. Чынгышевди, Жумалиевди деле “мамлекетти талап-тоноо дооруна” чейин кандай жашоодо жашашканын жаңылбай айтып бере алабыз. Бүгүн канча байлыкка ээ экендигин эсептеп коюш да кыйын эмес. Деги эле Кыргыз улутунун менталитети коррупцияга баткан мамлекетте жашоого туура келбейт. Себеби өзгөчө элбиз. Ачыктыкты, чындыкты жакшы көрөбүз. Эң башкысы оозубуз ачык. Эч нерсе жашыра албайбыз. Жогорку коррупционерлердин бири да жалгаз өзү гана билген кыңыр иштерди жасаган эмес. Кимдир бирөлөр менен чогуу жасашты. Анан эле анысы көп өтпөй элге кандайча жайылып кеткенин өздөрү да билбей калды. Болгону беттерин былтыйтып эч уялдай арабызда басып жүрүшкөнү. Шылтоолору “Мен жалгыз эмесмин.Тиги деле мендей”- дешет.

Так ушул мамлекеттик байлыкты таламайга алган “жапайы өткөл мезгилди” жараткан А.Акаев жана анын командасы болду. Өнүккөн мамлекеттердин катарында турган Кыргызстанды так ошол команда саналуу жылдарда итке минген эң кедей, артта калган мамлекеттин катарына кошушту да өздөрү олигарх болуп чыга беришти. Бүгүн болсо байлыкка марып жыргап жашап жатышат. Миллиондогон Кыргызстандыктар кедейликтин сазына батып кара курсактын айынан чет мамлекеттерде иш издеп тентип жүрүшкөнүнө кейишкен деле жок.

Эң башкысы коом бузулду. Мыйзамсыздык, кандай жол менен болсо да байыш керек деген ач көздүк, ага кошул ташыл экономикалык кризис адамдардагы ыйман-ысап дегенди жок кылды. Баскан тургандын бары акчасыз бүтпөй калды. Коомдо жашагандар бири бирин айоосуз тоногонго өттү. Буга мыйзам тоскоол кылбады. Мамлекеттин “көз таңмай оюну” ого бетер шарт түздү. Бир эле четин айтайын. Бизде “бекер билим берүү, бекер медициналык кароо сакталган”- дешет. Союз кезиндегидей “бекерди” көргөн адам барбы? Оруканага барсаң бүт төлөп дарыланасың. Билим берүү тармагы деле ошондой төлөмөйдөн турат. Ошентип мамлекетик бийликке келгендердин өздөрүнүн жеке турмушун жакшыртып, ичкен жегенин мыйзамдаштырып, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө көргөн камылгалары бүт коомду иритип таштады. Бүгүн коом экономикалык эле эмес руханий кризиске да кулактын учуна чейин батып турат.

Бир учурда калкы 99.9 билимдүү, дүйнөлүк аттакка жеткен окумуштуулары, жазуучулары, музыканттары, спортсмендери бар улут саналуу эле жылдарда болуп көрбөгөндөй деградацияга учурады. Ал түгүл бүгүнкү жашоого баштары айланып,“Кайда баратабыз? Эртеңибиз эмне болот?” деп акылдары жетпей дапдаарып турат.

Мындай оор абалдан чыгуунун жолу барбы? Бар! Жогоруда А.Акаевдин командасы мамлекетти талкалагандай эле, мамлекетти кайра оңдой турган команда түзүлүшү керек. Бирдиктүү командасыз жалгыз Президент С.Жээнбеков мындай оор ишти аткара албайт. Ал командада саясый бекем эрк, туруктуулук, чечкиндүүлүк , ынтымак, ишеним болушу шарт.

Команда түзүлсө ишти кандай башташы керек? Кыскартып айтканда Кыргызстандагы бүт коррупционерлерди камоо мүмкүн эмес. Ошондуктан бүт коррупцияга аралашкандарды тизмектеп туруп эле  “Мыйзамсыз арам жол менен тапкан бүт байлыкты өз эркиңер менен мамлекетке төккүлө” – деген мөөнөт бериш керек. Төккөндөрдү бош коюш керек. Төкпөй качууга аракет кылгандарды Кытайдагыдай атууну кийирген туура.  Чет мамлекетке качкандар үчүн атайын мамлекеттик кызмат түзүп аларга да “урдап качканыңарды кайтаргыла” деген салам дубай айтыруу керек. Болбосо түп орду менен ошол жактан жок кылган туура. Ошондо гана мамлекеттик байлыкты уурдап четке качмай токтойт. Туура бул кайсыл бир денгээлде “жапайы, мыйзамсыз жолдой көрүнөт”  Эч нерсе эмес. Алар “жапайы жол” менен мамлекеттик байлыкты талап- тоноштубу, өздөрүнүн жолун колдонуп алгандарын кайтарса эмне үчүн болбосун? Дүйнөдө мындай чечкиндүү кадамдарга барган мамлекеттер ондоп саналат. Жапжаңы мисал; Малайзиянын жаңы бийликке келген Премьер министри Махатхир 5 күндө коррупционерлерден 50 миллиард доллар өндүрүп казынага төгүп, 100дөгөн адамдардын камачусун камап, калганын үй түрмөгө отургузду. Эгер алардын күнөсүн мыйзамдуу далилдеш керек деп тергөлөр жүргөндө ондогон жылдар кетмек. Бүгүн биздеги коррупционерлердин ырыскысын мамлекет эмес тергөчүлөр, соттор, “каралар” көрүшүүдө. Өзгөчө “каралар” эсепсиз байый башташты. Себеби алар “Жеп ичтиң беле?” – деп сурап отурбайт. “Баланча жегенсиң. Ошонун баланчасын общякка баланча күндө төк.”- дешет. Тигилдер дың дешпей төгүп беришет. Кыйшаңдашса “Энелерин Үч-Коргондон көрөт”. Мамлекеттик казынага кайтарылса ушулардан арткандар гана төгүлөт. Ушундай жол менен чечкиндүү иш жүрсө бир же эки эле коррупционердин ичкен- жегени менен тышкы карыздан кутулуп, калгандарыныкын мамлекетин экономикасын көтөрүүгө жумшап 3-4 жылда мамлекетти оңдоого болот.

Мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп бийликке болгон элдин көзөмөлүн күчөтүп башкаруунун Элдик  Курултай Көзөмөлүн кийирип бийлик бутактары элге жылына бир жолу отчет берип турушу керек. Экс- Президенттер А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев бири да иштеп турган учурунда элге отчет беришкен жок. Жыйынтыгында бүгүнкү абалга жеттик. Экстердин баарын эл жек көрүп, колдору жетсе аларды тытып жегилери келип турушат. А.Акаев Германияга бара коем деп жумуртка менен башка жеши буга далил.

Бүгүнкү Президентибиз С.Жээнбековго экс-Президенттердин биринин да тагдырын каалабайт элем. Чечкиндүү кадамдар жасалбаса, башкаруу системабыз өзгөрбөсө коррупциядан тазаланбасак мамлекетибиздин келечеги чынында эле бүдөмүк.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

      

        

 

Последние новости