www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда акыркы күндөрү социалдык тармактарда, өзүн “Кыргыздын деми”, “Курманжан Даткамын”, деп “ааа-хааа”, “уу-хууу” деп, ашыкча обу жоктонуп кыйкыра берген Гүлзат Мамытбек деген кыргыз кызы чыккан. Алгач бул кыздын кыска тасмалары жарыкка чыкканда коомчулук жакшы кабыл алып, позитив катары кабыл алышкан. Акыркы күндөрү Гүлзат Мамытбек кызынын одоно ачуу-чаңырыктары, бей маани кылык-жоруктары элди тажатып жиберген сыяктуу.
Алсак, Гүлзат Мамытбек кызынын Россия Федерациясындагы кезектеги флеш мобу чыгып, Орусиялыктарды анан казактарды тургузуп, адатынча кыйкырык салды. Гүлзат Мамытбектин мындай жоругу көпчүлүккө жага бербеди.
Айрым социалдык тармактын колдонуучулары, “Бул кыздын оозун тыйгандар барбы, бийлик менен УКМК кайда жүрөт? Кыргыздын кыздарынын ар-намысына шек келтирип бүтмөй болду”, деген ачуу сын-пикирлер жазылды.
Таң калычтуусу жогорку билимдүү, бир нече тилде сүйлөгөн бул кыз, кыйкырык салган мамлекеттер эбак эле өнүгүп кеткенин билбегендей. Айтор, анын кыймыл-аракети кыргыз кыздарынын бетине көө жапкан сыяктуу. Гүлзаттын мындай кадамы, ачуу кыйкырыгы, жагымсыз жүрүшү, көкүрөгүн солкулдата бийлеши, оозун аңырайтып ачып айкыра бергени, барган сайын өзүнөн башка эч ким кимге жага бербегендей.
Ошентип бул кыз шылдыңга кала турган кез келди көрүнөт. Оозунан өпкөсү көрүнгөн, обу жок Гүлзат Мамытбек кызынын кыймыл-аракетин шылдың катары кабыл алган курсанттардын тасмасы желдей тарады.
Төмөнкү тасмада Гүлзат Мамытбек кызын туурган жаш курсанттар:
Булак: NazarNews.kg