www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

1993-жылдагы эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясына мамлекеттик катчы институту киргизилип, мурун БКнын идеология катчысынын милдети, бул институтка тапшырылган. Мамлекеттик катчылык жалпысынан идеологияга жооп берип келген. 2010-жылы Текебаевдин Конституциясы мамлекеттик катчылыкты талашып төө бастыда калбайлы деп, бул институтту түп –тамырынан бери жок кылып таштаган. Бул кызмат 2010-жылкы Конституцияга киргизилбей калгандыктан, коомдун айрым бир катмарына түшүнүксүз болуп турат. Болбосо, мындай мартабалуу кресло 1993-жылдан 2010-жылга чейин иштеп келген. Көрүнүктүү өкүлү Осмонакун Ибраимов Акаевдин көзүн сокур кылып, мактап-сактап аны качууга себепкер болгон. Өз агасы депутат Абыт Ибраимовко Чүйдүн түшүмдүү жерлерин алып берген.

 Быйыл кабыл алынган жаңы Конституция боюнча эми мамлекеттин руханий-маданий, социалдык тармагын дагы мындан ары мамлекеттик катчы көзөмөлдөйт. Ошондой эле аткаминерлердин этикасын, маданиятын, идеологиялык ишин карайт. Социалисттик идеология башкы ролдорду аткарып, Иосиф Сталинден бери идеологияга чоң басым жасап келген. Социалисттик адабиятты туу тутпагандар куугунтукка алынып: Касым Тыныстанов, Калыгул  олуя баштаган замана ырлары окуу китептеринен алынып салынган. Эгемендүүлүктүн алдында каршы чыккан адамдарды диссиденттер деп аташкан. Бирок, кыргыздар эбин таап ким бийликте турушса кошомат айтышып, жандарын багып келишкен.

Азыр идеология барбы? Мамлекеттик идеология жок эмес. Ал бар, болгону чаржайыт. Бир  системага коюлган эмес. Акаевдин учурунда «Манас» эпосуна басым жасалып, «Манастын» осуяттарын мектептен окутуу башталган. Калктын кээ бир катмарларына «Манас» идеология катары тескери таасирин тийгизип, ашынган фанат исламчылар өсө баштады.  Өлкөдө өтүп жаткан 100, 120 жылдык той-тамашалар бар, буларды көзөмөлгө алуу «Башкы тамаданын» же мамлекеттик катчынын иши. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына даярдануу мамлекеттик катчынын көзөмөлүндө болуп, Чолпонбек Абыкеевди чоң сыноодон өткөрөт. Булардын баары мамлекеттик идеологиянын негизинде жүргүзүлөт. Ушул жагы тартиптен башталат. Эгер аны катуу көзөмөлгө алсак, ал системага салынып, кайра калыбына келет. Чолпонбек Абыкеев ишин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасын кабыл алуудан баштады.  Азыр ошону жазуунун үстүндө күн-түн көз ирмебей жаткан учуру. Бул этика бир-эки жуманын ичинде толук бүтсө, жалпы элдик талкууга коюлат. Анан ал президенттин указы менен бекитилип, ишке кирет. Ал эми этиканын аткарылышын кайра эле мамлекеттик катчы өз көзөмөлүнө алат.

Мамлекеттик катчыны дайындоону президент өзү жеке чечет. Мамлекеттик катчылык кызматка 40 жылдан ашуун убакыттан бери идеология багытында иштеп келаткан Чолпонбек Абыкеев дайындалды. Учурда идеология маселеси оор болуп турганда, президентке жана мамлекетке жардам берүүгө мезгил келди. Абыкеев болсо иштеп берүүгө дилгирлигин көрсөттү. Чолпонбек Абыкеевдин кесиби журналист, «Аалам» гезитин түптөп, элге маалыматтарды жеткизип жүргөн. Аны кийин экс-депутат Шамшыбек Медетбековго саткан, ал бул гезитти өзбекче чыгарып жүрүп, Кадыржан Батыровдун интригасынан соң, үнү чыкпай тынчып калды. Журналист – бул идеологиянын төбөсүндө турган адам. Чолпонбек Абыкеевдин башаты калемгерликтен башталат. Чолпонбек Абыкеев өмүр бою идеологияда иштеп келатат, өзү айткандай бул кызматты андан башка ким аткара алмак эле? Же башкалар да аткара алабы?

Башында Каныбек Осмоналиевдин мамлекеттик катчылыкка бара турганы айтылып аткан. Каныбек Осмоналиев үчүн бул кызматка Чолпонбек Абыкеевдин дайындалганы күтүүсүз болгондой. Каныбек Осмоналиев акебиз Абыкеев мамлекеттик катчылыкка дайындалганда инфаркт болуп кала жаздады. Каныбек Осмоналиев кайрадан социалдык тармактарга өз ой-пикирлерин бөлүшө баштады. Садыр Жапаровдун тегерегиндеги адамдар тескери жолго алып баратканын өз баракчасына жазып чыкты. Жапаровду Сүйүнбек Касмамбетов, Медет Букуев, Арслан Койчиевдер курчап алышып, өздөрүнүн иштерин жасап жатышканын, алар коррупцияга белчесинен батып калышканы тууралуу жазып жатат? Айрыкча Сүйүнбек Касмамбетовдун энергетика, бажы, салык тармагынан акча жасашканы талкууда болуп жатат. Медет Букуев болсо ЖОЖдорду башкарып алган. Ар бир ректордон 50 миң доллардан алып атканын Каныбек Осмоналиев кабарлап жатат. Каныбек Осмоналиевди бул маселелер боюнча Садыр Жапаров менен сүйлөштүрбөй, аны ага жакындатпай коюшкан.

Каныбек Осмоналиев мамлекеттик катчы кызматына дайындалмак. Каныбек Осмоналиевди октябрда Садыр Жапаров конституциялык кеңешмеге чакырып, мүчө кылып, “мамлекеттик катчыны киргизиңизчи, ошону сиз башкарып бересиз” дептир. Каныбек Осмоналиев баарын жасаптыр. Анан ал орунга Абыкеев отуруп калды дейт Каныбек Осмоналиев өз ой-пикиринде. Кандай жол менен Чолпонбек Абыкеев ал орунга келип калды? Каныбек Осмоналиев  оюу боюнча– Кыргызстанды бир идеяга байлап, көтөрүү болчу. Ошондо Чолпонбек Абыкеев менен Акылбек Жапаров каршы чыгышкан экен. Эми бул оюн тартып алышкан экен.

Ош облусунун губернатору Каныбек Осмоналиевдин карачечекей иниси агасынын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп иштеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганын жарыялаган. Анткени, анын айтымында, катуу кысым болууда. Ошондой эле, ал Президенттик Администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов акыркы учурда бийликти басып алып, Садыр Жапаровду жаман атты кыла баштаганын билдирген.

Бул боюнча анын бир тууган иниси, Ош облусунун губернатору Жарасул Осмоналиев эч нерсеге түшүнбөй калганын айтты: «Мен агамдын маегин окуп, билдирүүлөрүнө абдан таң калдым. Ал эмнегедир Сүйүнбек Касмамбетовго асылыптыр. Ал мени кызматтан алып салышты дептир, бирок мен иштеп эле жатам, кетүү тууралуу ой деле жок. Мен агам менен байланышууга аракеттендим, бирок болгон жок. Мен анын жубайы, баласы менен байланыштым, эч кимиси иштен кетишпептир, баары мурдагы ордуларында тынч эле иштеп жатышат», - деди ал. Каныбек Осмоналиев соцтармактарда бийликтин кысымы бир тууган инисин кызматтан алып койгонун жана уулу менен аялына да «иштен кет» деген талап коюлуп жатканын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости