www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ар бир жаран вакцинаны өзүнүн ден-соолугу үчүн алышы керек", - деди бүгүн, 22-июлда маалымат жыйынында NazarNews маалымат агенттигине Ден-соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Марина Дүйшенкулова.

--"Азыркы күндө өлкөдө вакцина алуу жүрүп жатат. Коомчулукта ар кандай оң жана терс пикирлер айтылууда. Негизинен вакциналардын эч кандай терс таасири жок. Айрым гана ооруларга каршы дарыланып жаткан адамдарды эмдөөгө гана болбойт. Аны дарыгердин кеңеши менен алуу керек. Ар бир адам вакцинаны өзүнүн ден-соолугу үчүн алат.

Мында негизи эки мамлекеттен келген вакцина колдонулууда. Алар: Орусиянын "Спутник V" жана Кытайдын "Sinopharm" вакциналары. Бул жерде ар бир жаран өздөрүнүн тандоосу менен эмделүүдө. 

Кыргызстанда кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасы менен COVID-19га каршы эмдөө жүрүп жатат. Вакцина коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана сапаты боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жактыруусуна ээ болгон. "Sinopharm" вакцинасы менен эмдөө Кытай, Түркия, Араб Эмираттарында, Сербия, Белоруссия, Бахрейн жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат.

Вакцина алуу үчүн COVID-19га каршы кайсы гана болбосун эмдөө пунктуна кайрыла аласыңар. Жаныңарда паспорт болууга тийиш. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Өзүңөрдү жана айланадагыларды коронавирус инфекциясынан коргогула. Вируска каршы эмделгиле жана оорунун алдын алуу чараларын сактагыла. Беткап тагынгыла, аралыкты сактагыла жана колуңарды жуугула же антисептик менен тазалап тургула", - дейт дарыгер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости