www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук оциалдык тармагындагы “Чыркыраган чындык” баракчасы “Чоң казат” кыймылы бай саясатчылардын акчасын бөлүшүп алууга аракет кылууда деген билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Акыркы кездери социалдык тармактар аркылуу элди мыйзамсыздыкка чакырып баатыр болгон “чоң казатчылар” аша чаап бараткандай. Булар биригип алып, Кыргызстандагы бай саясатчылардын байлыктарынан бөлүшүп калууну пландап турушкандай. Жакында эле алар “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору А. Абильдаевден да акча талап кылып көрүшкөн. “Бизде сен тууралуу маалыматтар бар, жарыялайбыз” деген коркутуу жасашкан. Бирок, Абильдаев аларды жадакалса кабинетине да киргиздирбей койгон дешет. “Газпром Кыргызстандын” имаратына да кире албай койгондору тууралуу алар азыр айткылары да келбейт.
Мындан башка да ири бизнесмендерди, ишкерлерди ар кандай шантаж кылуу менен “сындырып” айрымдарынан ири суммадагы акчаларды алып жатканы кабарланууда. Бул маалыматты учурда иликтөөгө алып жатабыз. Тактап, толук аягына чыккандан кийин кенен материал жарыялайбыз”,-деп “Чыркыраган чындык” баракчасы билдирүү жазып чыкты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости