www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнүн Фейсбук баракчасында акыркы кабыл алынган Кодекс боюнча Чубак ажы өз оюн жана Исламда дегеле  "түкүрүк" жана "түкүрүнүү" боюнча толук маалымат берди. Анда баарын эч өзгөртүүсүз беребиз:


Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.
Тазалыкты жана тазалыкты сүйгөндөрдү сүйгөн улуу Жаратканга мактоо, жана сүйүктүү Пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун...
Тазалык - Исламдагы эң негизги баалуулуктардын катарын толуктайт. Ал эле эмес ыймандын ажырагыс бөлүгү катары тариптелет. Ислам шариаты тазалыкка маани бергендей эч бир дин же мыйзам жоболору маани берген эмес. Мусулманчылыкта тазалыкка маани берүү коомдогу адептүүлүктүн бир формасы катарында эле каралып калбастан, акыйда маселесине таандык болуп, кээ бир жагдайларда тазалыкка шалаакылык менен мамиле кылуу ыймандын суздугун туюндурат. Тазалыкты таштаган адам күнөөкөр болуп, карманган адам соопко ээ болот.
Азирети Абу Хурайранын риваятында, эки ааламдын мырзасы Пайгамбарыбыз алейхис салам айтат: “ Ыйман жетимиш нече –же алтымыш нече- бутактан турат. Анын эң эле артыкчылыктуу-фазилеттүүсү (Лаа илааха иллАллах) келимесин айтуу болсо, эң ылдыйкы даражасы жолдогу ыза берген (таштанды, акыр-чикир, таш, тикенек, түкүрүк , какырык..) нерседен тазалап коюу. Уялуу ыймандын бир бутагы” (Бухарий (9), Муслим (35).
Пайгамбарыбыз алейхис салам: “Эки каргыш айтуучудан сактангыла!”, дегенде, сахабалар: “Алар кимдер, оо Аллахтын пайгамбары?”, деп сурашты. Пайгамбарыбыз алейхис салам: “Адамдар өткөн жолго, же алардын көлөкөлөнгөн (эс алган) жерине ичин бошоткон (заара кылган, түкүргөн, какырган, чимкирген, таштанды таштаган..) адам”, деп жооп берди. (Муслим).
Башка бир хадисте Пайгамбарыбыз алейхис салам мындай дейт: “Кайсы бир пенде жолдо бара жатып, жолдогу тикенектин бутакчасын (зым, мык, айнектин сыныгын, же ошол сыяктуу момундарга зыян берип, иренжите тургандарды) четке чыгарса (жолду тазаласа), Кудай Таалам ал адамга шүгүр айтып, күнөөлөрүн кечирет”. (Бухарий, Муслим). Жараткан Кудайым пендесинин күнөөсүн арзыбаган иш себебинен кечирем деп жатат. Көпчүлүгүбүз бул ишти майда деп маани бербегенибиз менен, өтө сезимталдуулукту талап кылган курч маселе. Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам. 
Исламдын тазалыкка маани берүүсүнүн көрүнүштөрүнүн бири: тазалыкты кармануу эрлердин бергилери (эрдик) катары баса белгиленет. Мына ошол эрдик белгиси аркылуу Кудай Тааламдын махабатына арзышкан адамдар болгон. Касиеттүү Куранда: “... алгачкы күнүнөн баштап такыбалыктын негизинде курулган (Кубаа) мечитинде намазды тургузууң ылайыктуураак, ал мечитте таптаза болгонду сүйгөн эрлер бар, Аллах Таала таптаза болгондорду сүйөт!” (Тауба сүрөөсү: 108). 
Пайгамбарыбыз алейхис салам тазалыкты ыймандын жарымы катары сүрөттөйт: “Тазалык ыймандын жарымы...” (Муслим 223).
Кээ бир мусулманмын деген чалакайымдардын ыпылас жүрүм турумун көргөн кай бир парасаты аздар, Исламдын тазалык менен иши жок деп ойлойт. Ал эми тарых менен динден кабары жоктор тазалыкка маани берүүнү батыш маданиятынын туундусу катары эсептейт. Жогорудагы хадис алардын обу жок ойлорунун ойронун чыгарат. Кээ бир диндер тазалыкка маани берет, а бирок, ыймандын тең жарымы катары бир гана көркөм Ислам анын кадырын көкөлөтөт. 
Бүгүнкү күндө курч талкууланып жаткан маселе “түкүрүү” жана “түкүрүк” болду. Көп түкүрсө көл болот. Асманга түкүрсөң көзүңө түшөт. Жүзүңө түкүрдүм. Түү деген түкүрүк жерге түшпөйт.... жана башка макалдар менен түкүрүк биздин жашообузда орун алып келсе да, бүгүнкүчөлүк “түкүрүк” таксыр төргө чыккан эмес болсо керек. 
Дегеле түкүрүк тууралуу аалымдарыбыз эмне дейт;
 Бейиштегилер түкүрүшпөйт, түкүрүнүшпөйт. Азирети Абу Хурайранын риваятында Пайгамбарыбыз алейхис салам айтат: “Алгачкы бейишке кирген топ ай толгон түндөгү айдай көркөмдүктө киришет, ал жерде түкүрүшпөйт, чимкиришпейт...) Бухарий 3245, Муслим 7330. Ушул эле хадис Азирети Жаабирдин риваятында Пайгамбарыбыз алейхис саламдан укканын төмөндөгүдөй айтат: “Бейиштиктер жаннатта тамак жешет, суусундуктарды ичишет, түкүрүшпөйт...)
 Түкүрүк нажас (намазга жаратпай коюучу белгилүү өлчөмдөгү булганыч) деп эсептелбейт (Мабсуут (1\215,152)). Б.а. түкүрүгүңүз кийимиңизге чачырап кетсе, ал кийим менен намаз окуй берсеңиз болот. Аны менен кийимиңиз булганыч эсептелбейт. Бухарий (405), Муслимдин (1258) риваятында бул туурасында айтылган.
 Заара кылып жаткан учурда түкүрүнүүнү ханафий жана шаафий аалымдары тыйышкан. Ал эми ханбалийлер макрух катары сыпатташкан (Мараакиль фалаах 22, Хаашияту ибн Аабидиин 1\125).
 Түкүрүк (ошондой эле көз жаш, эненин сүтү, какырык, чимкириктер да) дааратты бузбайт. Кимдир бирөө түкүргөн болсо даараты бузулбайт (Табйиинул хакааик 1\9, Бадааьиус санаайиь 1\27).
 Кан аралашкан түкүрүк. Эгер түкүрүк канга караганда басымдуулук кылса дааратты бузбайт. А эгер кан түкүрүккө караганда басымдулук кылса дааратты бузат. Түкүрүк менен кан бирдей болуп аралашып чыкса, этиеттик үчүн дааарт бузулат (Бахрур рааик 1\37). Түкүрүктүн басымдуулугу, түкүргөндө кандын даамын сезбөө менен түшүндүрүлөт (Ибн Аабидиин 2\396).
 Имам намазда туруп кыбыла тарапка түкүргөн болсо, имамчылыгынан алынабы? Пайгамбарыбыз алейхис саламдын сахабаларынан болгон Абу Сахла ас Сааиб бин Халлаад айтат: кайсы бир адам Пайгамбарыбыз алейхис саламдын көз алдында бир топко имамчылык кылып жатып, кыбыла тарапка түкүрүндү. Ал намаздан бошогондо Пайгамбарыбыз алейхис салам мындай деди: “Силерге имам болуп намаз окутпасын!...” (Абу Дауд 481).
 Аллахтын атын түкүрүк менен өчүрүүнү Ханафий аалымдары тыйышкан. (Ибну Аабидиин 6\387).
 Коомдук жайларда адат катары кабыл болгон тартиптерди сактоо мустахаб. Түкүрүк адамдарды жийиркенте турган болгондуктан аны коомдук жайларга түкүрө берүү жакшы эмес (фатаава Ислам вейб №61665)
Бир жумадан бери түкүргөн адамга айып пул салуу маселеси дүрбөп турат. Коңшу Казакстанда былтыртан бери эле коомдук жайларга түкүргөңдөргө айып пул салынаары ишке кирген.
Дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнөн болгон Сингапурда коомдук жайда түкүргөнгө 500 сингапур доллары, коомдук дааратканада сууну агызбай кеткени үчүн 150 СД, куш-паренделерге коомдук жайда жем чачканың үчүн 1000 СД, тамеки тартканын үчүн 100 СД айып пул төлөйсүң. 1000 СД 30 000 (отуз миң) сомдун тегерегинде болот.
Жеке менин пикиримде тазалыкка кам көрүү мактоого татырлык иш. Дүйнөлүк практикада боло келген көрүнүш. Эгер иш жүзүнө ашып кетсе эң эле жакшы болмок. А бирок элди даярдап, аң-сезимин өстүрүү аркылуу аткарсак ийгиликке бачымыраак жетмекпиз.
Японияда кайсы бир светофорду алмаштыруу үчүн дээрлик жарым жыл бою түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ММКлар аркылуу жеткиликтүү болгондон кийин аткарылат.
Сингапурдун атасы Ли Куан Ю 1996-жылы: “Саясий лидер -эгер көзү анык жетип турган болсо- мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, элди оор жана татаал жолго түшүүгө көндүрүүгө жөндөмдүү болуусу зарыл!”, деп айтыптыр. Маргарет Тетчер Юнун мамлекет башкаруу жана мамлекеттүүлүктүн сактап калуу, башкаруу жөнүндөгү пикирлеринен ката таба албагандыгын баса белгилеген жайы бар.
Бизде да япондордун тажрыйбасы колдонулса, балким, бүгүнкү ызы-чуулар чыкпас беле??
“Түкүрбө!” акциясын Ыйман фонду эки жыл мурда баштап, мурунку ажобуз колдоп берген эле. Бирок багыттуу болбогондуктан, бүгүн аш катык болгонго илине албай турат.
Кээ бирлер, “мамлекетти тазалап алып, андан кийин штраф салбайсыңарбы?”, деп жатышат. Мамлекет мага эмне берди эмес, мен мамлекетиме эмне бердим деген түшүнүктү калыптандыруу зарыл экендиги ушундан көрүнөт.

Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости