www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк тараптан ооп келген Тагай бий такка отургандан баштап, Богорстон деген уулуна Чүйдү энчилеп берген. Богорстондон Эштек, Эштектен Солто, Шалта. Солто баатыр адам болуп, анын баатырлыгы Чаага өтөт. Чаанын мыктылары Бөлөкбай, Талкан, Жайыл, Түлөберди, Жамансарт, Чыңгыш, Канай, Жаңгарач, Байтик баатырлар, санаса түгөнгүс. Совет бийлиги келген соң чүйлүктөр Кыргызстанды башкаргандардын экиден бири болуп келген. Президенттер Аскар Акаев , Алмазбек Атамбаев, ал эми премьер –министрлерди Султан Ибраимовдон беркисин эле санайлы: Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Апас Жумагулов, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев, Николай Танаев, Феликс Кулов, Азимбек Исабеков, Алмазбек Атамбаев, Игорь Чудинов,  Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сапар Исаков. Кубат мырза премьер-министрлерди үстүнөн төбөлөп алат. Ал эмес Чүйгө, Бишкекке ким кожоюн экенин билдирип коюш үчүн президенттер менен да акыйлаша кетет. Алсак, биринчиден Аскар Акаев сарбагыш ичинен “Абыла” болгон. Бирок аны Атакенин тукуму деп жасакерленгендер чыккан. Керек болсо Атакенин тукуму Шабдан баатырды шалай чаап, Кегетиден ары Кеминге сүрүп салган Байсалдын жакыны Кубат мырза депутат кезинде ага тиш кайрап турган.

Экинчиден, Бакиевдин заманында үчүнчү парламенттин депутаты Кубат мырза “Ак Шумкар” партиясын түзөт, кийин аны ата-теги колхоздоштуруу убагында  Жумгалдан журт которуп келип, Жоо чалышка кошулган Темир Сариевге энчилеп берип, өзү АКШка барып, бир нече убак “эки колун желкесине алып”  эс алып жатат.

Үчүнчүдөн, Отунбаеванын заманында Ички иштер министри, Башкы прокурор деген салмактуу кызматтарды аркалап келген. Ош жаңжалы убагында Жалал-Абаддын коменданты болуп Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов менен Жалал-Абадды таштай качканы болбосо, жакшы эле комендант болду деп жүрүшөт окшойт. Башкы прокурор болгон соң дагы эле Чүйдө ким кожоюн экенин билдириш үчүн президент Отунбаева менен акыйлаша кетип, Башкы прокурорго кол шилтеген.

Төртүнчүдөн, Чыңгыш баатырдын ашпозчусу катары ээрчип келген Ша-Маонун тукуму Алмазбек Атамбаевге ичи жылыган эмес.

Бешинчиден, кез-кезде Чүйдө ким кожоюн экенин сездире койчу Кубат мырза, адашы Кубат Боронов өкмөт башына келгени чээнге кирип бараткандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости