www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин иштей албай жатканы баарына белгилүү. Бир жылга жакын убакыттан бери эмнени кыйратты? Жөн гана кабинетти кайтарып отурат. Былтыртан бери кол астындагы жетекчилери, кызматкерлери паракорчулук, коррупция боюнча кармалып эле жатышат. Эч кандай баа берилбейт.

Борбор шаардын башкы тартип көзөмөлдөөчүсү катары Ногойбаев алдын ала профилактикалык иштерди жасабаганы, кылмыштуулук менен күрөшө албаганы, милициянын кадырын түшүргөнү өкүндүрүп келет... Башта жолго салынып калган система иштеп атат да. Жаңыча идея, демилгени көрө албайсың. Күн өтсө болду, көптүн бири катары арбайын согууда.

Эмне үчүн профессионал жетекчини Бишкек ШИИБге дайындашпайт? Сөзсүз эле Бурулай, Айзададай кыздар кордолуп өлтүрүлгөндө эсибизге келебизби? Же жогорку жетекчиликтерге ушундай кашаң кадр жагабы? Түшүнбөйсүң!

Ногойбаевдин жетишкендиги эмне дейсизби? “Чүйлүк, жакшы бала” деген “критерийи” бар экен. Хохма да. Борбор шаардын башкы милициясына жердигине же кошоматына эмес, кесипкөйлүгүнө карата дайындалышы керек. Бул жагынан коомдук көзөмөлдү күчөтүп, жалпы милицияны артка тарткан начальник сөрөйдүн жүзүн ачууга убакыт келди.

Эске салсак, Ногойбаев ГУБОПто, Сокулук РИИБде да иштей албай кызматынан айдалган. Кеп кезеги али алдыда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости