www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-мартта күндүз жана 14-15-март күндөрү абанын температурасы төмөндөп:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуулукка чейин;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу;
  • Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук;
  • республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4 сууктан…+1° жылуулукка чейин;
  • республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21°, күндүз -6…-11° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Последние новости