www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Орусияда террорчулукка шектелип эки казак жаранынын өлтүрүлгөнү боюнча сотко чейинки териштирүү баштады. Атайын кызматтын 9-марттагы маалыматына ылайык, иликтөө Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

7-мартта ФСБ "Москвадагы синагогага кол салуу уюштурууну даярдаган" деп шектелген эки казак жараны Калуга облусунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Алар дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террорчу деп таанылган “Ислам мамлекети” уюмунун ооган канатынын мүчөлөрү экени айтылган. Шектүүлөр кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү маалымдалган.

"Астра" басылмасы атын атагысы келбеген булактарга таянып, шектүүлөр менен атайын күчтөрдүн ортосунда атышуу Коряково айылында болгонун кабарлады. Журналисттер каза болгондор 35 жана 32 жашта экенин белгилеп, алардын ысымдарын да аташкан.

7-мартта АКШнын Орусиядагы элчилиги Москвада жакынкы эки күндүн ичинде террордук чабуул коркунучу өтө жогору болорун эскерткен. 8-мартта Батыштын бир канча өлкөлөрү жана Түштүк Корея да ушундай эскертүү тараткан.

Последние новости