www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк-Арт дарыясында суу ташкындоо коркунучу пайда болгонуна байланыштуу Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

"Нөшөрлөп жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясында 10-коргоочу тосмонун сол жээгинин 20 метрин суу жеп, Жалал-Абад шаарындагы турак үйлөргө жана мекемелерге коркунуч жаралган. Буга байланыштуу Жалал-Абад шаарына 18-март күнү өзгөчө кырдаал режими киргизилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Соңку үч күндөн бери ӨКМ, шаардын жарандык коргонуу кызматтары, облустук Сел жана суу ташкындарын алдын алуу агенттиги тарабынан суунун нугун бөгөөчү таштар алып келинип, жээк бекемделүүдө.

Учурда жеринде 20га чукул атайын техника иштеп, аталган 20 метрдин жарымы бекемделип бүттү - Sputnik Кыргызстан

Учурда жеринде 20га чукул атайын техника иштеп, аталган 20 метрдин жарымы бекемделип бүттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости