www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү бир мамлекеттик чиновник менен жарандык коом өкүлү ортосунда чуулгандуу чатак чыкты, анткени дүйшөмбү күнү ал аткаминер айрым бейөкмөт уюмдарды катуу сындап койгон. Ага чейин ошол эле чиновник дагы бир белгилүү саясатчы менен айтыша кеткен, бирок ошол эле саясатчы мурда - дагы бир башка аткаминерди кемсинтип, андан да катуу сөздөр менен сөккөн.

Ушул эле акыркы эки-үч мисал – эмне үчүн кыргыз коомунда ынтымак жок жана мунаса табылбай жатканын айдан ачык көрсөтөт – ар бир башы көрүнгөн адам өзүн сүттөн ак жана баарынан акылдуу сезет, эч кимди сыйлабайт, эч кимди көрө албайт жана эч кимге баш ийгиси келбейт.

Бирок чиновниктер менен адам укуктарын коргоочулар, укукчулар менен саясатчылар өзүнө гана эмес, жалпы коом менен өлкөгө жакшылык кааласа, көтөрүмдүү болуп, айырма же кастык мисалдарга такалбастан, бирдиктүү, бир-бирине төп келген учурларды издесе. Антпесе кыргызга душмандын да кереги жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости