www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Чыгыш автобекетинин имараты Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилди.

«Имаратты демонтаждоо пландалган жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда. Айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Чүй облусу, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү 1/1 дареги боюнча «Бишкекавтобекети» мамлекеттик ишканасы уюштурулуп, иш алып барууда. Ал жерде Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу жана уюштуруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости