www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыңгыз Айдарбеков эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан алынды.
Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин беш фракциясы спикерге Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан алуу чечимин жөнөткөн. Бул маселе жыйында талкууланып, токтом добушка коюлду. Анда 43 депутат макул, 16 депутат каршы добуш берип, жыйынтыгында Чыңгыз Айдарбеков төрагалыктан алынды.
Ал арада сөз алган депутат Адахан Мадумаров, кабыл алынган чечимге нааразы пикирин айтып, «тарых кийин өз баасын берет» деген пикирин айтты.
Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков «каршы» деп добуш берсе, «макул» деп катталып калганын айтып, оңдоп коюуну суранды.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков буга чейин аны кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна кол койбогону үчүн кызматтан кетирүү аракети болуп жатканын айткан. Кийинчерээк талашып-тартышпай ордун тапшырууну чечкенин, бирок өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловдун сындаган сөзүнөн улам кетүүдөн кайра баш тартканын билдирген.
Айдарбеков Кемпир-Абад боюнча келишимдин документтери толук көрсөтүлбөй жатканын негиз кылып, Эл аралык иштер комитетинин чечимине кол койбой жаткан.
Булак: NazarNews.kg