www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Гапар Айтиев атындагы атайын орто көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын эмгектеринин көргөзмөсү ачылат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаш сүрөтчүлөр Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаратылган сүрөттөрүн тартуулашат. Көргөзмөдөн балдардын чыгармачылыгы аркылуу чагылдырылган каармандардын образдарын, жаратылыштын сулуулугун жана руханий дүйнөнү көрүүгө болот.
Бул иш-чара балдардын чыгармачылыгын колдоого, улуттук адабиятка болгон кызыгууну арттырууга жана өсүп келе жаткан муунду жазуучунун көркөм мурасы менен тааныштырууга багытталган.