www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Эл арасында ача пикирлерди жараткан ККМге экономист катары кандай ойдосуз?

-- ККМге акыры сөзсүз түрдө өтүшүбүз керек. Элге түшүндүрүү иштери жетишпегендей. Эл менен акырындан көпкө дейре иш алып баруу зарыл. Элде түшүнбөстүк, андан тышкары ишенбестик да болуп жатат. Жаңы иш башталганда эл кабыл алыш керек. Коомчулук көпкө дейре ишеничине киргизе албайт. Ошондуктан ККМ жакшы түшүндүрүүлөр менен киргизилиши – бүгүнкүнүн талабы.

-- “Асман” шаарынын курулушу сизге кандай пикир жаратууда?

-- Көлдүн жээгине шаар курулуп, туристтер агылып келгени жакшы эмеспи. Бирөөлөр “марска учабыз” деп самелот куруп, марска кызыгуу күч алды. Ысык-Көлдүн жээгине шаар куруу колубуздан келет. Муну жүзөгө ашыруу гана керек. Элге жакшы нерсени айтсаң дагы ишенбөөчүлүктө, күдүк ойлордо турушат. Анткени 30 жылдан бери алданып келгендери себеп болуп, “болобу-болбойбу, ишке ашчу нерсеби?” деген күмөн ой жаратууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости