www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Министрдин иши боюнча комиссиянын түзүлүшү Башкы прокуратурага ишеним көрсөтпөгөндүк эмес, тергөө ар тараптуу болсун деген ишарат», - деди бүгүн, 4-июнда NazarNews маалымат агенттигине Чынара Мамажакыпова.

 - Чынара эже, Саламаттык сактоо министринин иши адилет тергелиши үчүн Башкы прокурордун да убактылуу кызматынан четтегени маалым болду. Иш калыс тергелиши үчүн президенттин комиссия түзгөнү туура эле болдубу?

- Президент Садыр Жапаров буга чейин «коррупцияга аралашкандар тууганым болсо да, жоопкерчилике тартылат» деп ачык эле айткан. Демек, мамлекет башчыбыз мыйзам баарына бирдей экенин коомчулукка түшүндүрдү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалуусу да муну тастыктап турат. Экинчиден, министрдин иши боюнча комиссиянын түзүлүшү бул Башкы прокуратурага ишеним көрсөтпөгөндүк эмес, а тескерисинче, тергөө бир тараптуу болуп калбай ар тараптуу калыс болсун деген ишарат экенин түшүнүш керек.

Себеби, буга чейин Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ортосунда жеке келишпестиктер бар экени коомчулука жашыруун эмес болчу. Ошондуктан, Президент аларды ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетти.

Эске салсак, Бейшеналиев 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат.

Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгону айтылган. Андан тышкары, «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча эки кылмыш иши, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча төрт кылмыш иши ачылганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости