www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Чынара айым, угушубузга караганда, шаар мэри гезит-журналдарды саткан күркөлөрдү алып жатыптыр, себебин айтсаңыз?

- Ооба, биздин ордо калаадагы гезит-журналдарды саткан киоскилерди шаар башчысынын указы, приказы менен “алгыла” деп атат. Мэриянын кызматкерлери күн сайын келип, ыгы жок тынчыбызды алууда. Эчтекени карашпай эле “биз кызматкербиз, жогору жактын айткандарын аткарышыбыз керек” дешүүдө.

- А эмнеге алгыла деп жатат?

- “Шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн” деп жатышат. Болуптур, алып салалы, анда президенттин жүргүзүп аткан туура саясатын, коомдо болуп аткан алгылыктуу жаңылыктарды биздин көп жылдык улуу муундагы кардарлар, окурмандар маалыматты кайдан алышат? Алар жаштарга окшоп интернет чукулаганды билбесе. Азыр соцтармактарды ушак, жалган кабарлар каптап кеткенин эске алалы. Бул жөнүндө шаар мэри ойлондубу?

- Эстетика демекчи, бу жагы кандай?

- Шаар боюнча бир типтеги киоскилер болот имиш. Алардын баасы 300 миң сом экен. Андай акча мага окшогон сатуучулардын үч уктасак түшүбүзгө кирбейт. Эптеп күнүнө 300-400 сом тапсак “шүгүр” дейбиз. Үйдөгү балдардын нан-чайына чоюп жеткиребиз.

- Киоскилерди качан алып баштады?

- Жаңы мэр Эмилбек Абдыкадыров келгени балээнин баары башталды. Булар аябай куулук кылып, күнүнө 1-2 киоскини алып атат. “Күр” эттирип бир күндө же эки-үч саат аралыгында мажбурлашса, анда бардык сатуучулар митинг кылып ийсе эмне болуп кетеринен чочулап жаткан окшойт. Ансыз деле киоскилерин алдырып ийген сатуучулардын саны күн сайын көбөйүүдө. Бу жолу шаар мэрине цивилдүү түрдө кайрылып, “бизге жаңы жумушчу орун таап берсин, болбосо президент Садыр Жапаровго кайрылабыз” деп жатабыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости