www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сайкал Садыбакасова мурдагы жолдошу Максат Доврановдун үйлөнгөнү боюнча пикирин билдирди.

Ырчы айымга социалдык тармактагы баракчасынын катталуучусу "Максат үйлөнгөндө бир аз да болсун жаман сезим болдубу?", - деп суроо салган.

"Эң башкысы, Максат аке аябай жакшы адам, эки дүйнө бактылуу болушсун! Чын жүрөгүмдөн жакшы сөздөрүмдү айтып, тойдон эки күн алдын чалып куттуктап койгом. Бири-бирине жарашат экен. Максат аке үчүн чындап сүйүндүм. Ар бир адам бактылуу болууга татыктуу жана мындан кийин да сыйлашып өтөбүз деген ишеничтемин!", - деп билдирген Садыбакасова.

Эске салсак, Сайкал Садыбакасова менен алып баруучу Максат Довранов 2017-жылы баш кошуп, бирок көп узабай эки ажырым жолго түшүшкөн.

Ал эми, ушул жылдын 26-июнунда Максат Довранов Алтынай аттуу сулууга баш кошкон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости