www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы чек ара маселесин чечүүдө сөзгө келбей жаткандыгы тууралуу фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, мындай кырдаалда бир келишимге келүү кыйын болуп жаткандыгын айткан депутат, өз сунушун дагы ортого салды.
“Чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу - делимитация, демаркация процессин бүтүрүү. Бул Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушу жана анын гана компетенциясы. Ушул комиссиянын гана чечимдери юридикалык күчкө ээ. Тилекке каршы, тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей, бизге таптакыр туура келбеген шарттарды айтып, компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн кырдаалда болгон рычагдарды колдонбоо - өтө туура эмес жана жада калса кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси - Баткен областы аркылуу Тажикстанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу! Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап, демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө турушу керек! Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга тез арада эрки жетет деп ниеттенели».
Ооба, чындыгында бул эң натыйжалуу рычагдардын бири. Аткезчилик менен ташылган миңдеген тонна күйүүчү майлардын айынан азыркы тапта Орто Азия чөлкөмүндө бензинге болгон эң жогорку баа бизде гана сакталып келет. Ал контрабанданы ким калкалайт? Албетте, карапайым эл эмес да. Демек, чыккынчылар өзүлөрү ак үйдө жана көк үйдө отургандыктары айдан ачык!
Булак: NazarNews