www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Чымкент шаарында ондогон аял социалдык маселелерин чечип беришин талап кылып акимчилик алдына чогулду.
Алар шаар башчысынын чыгышын, арыз-муңун угушун талап кылышып, болбосо ошол жерге түнөшөрүн эскертишти. Коркутууларга карабастан аким жолугушууга чыккан жок. Даттанып келгендер менен акимчилик кызматкерлери гана жолукту.
Нааразылык акциясына чыккандардын айрымдары көмүр менен камсыз кылууну, кээ бири Интернеттин жоктугунан балдары билим ала албай жатканын, башкалары суу тартыш экенин, турак жайдан кыйналганын айтып даттанышты. Алардын көбү Каратоо жана Аль-Фараби районунун тургундары.
Казакстанда көп балалуу аялдар, майып балдарды баккан энелер турак жай маселесин чечип берүүнү талап кылып жыл башынан бери Нур-Султан, Алматы сыяктуу бир катар шаарларда маал-маалы менен нааразылык акциясына чыгып келишет. Бирок, бийлик бул маселе бир күндө чечилбей турганын, "мүмкүнчүлүк жетишинче көйгөй чечилерин" айтып келет.
Булак: NazarNews.kg