www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташбакадан сурашыптыр: - Баланча жерге канча күндө жетип бара аласың?

Ташбака жооп берүүгө шашылбай, аралыкты, жолдогу ылдый, бийиктиктерди, таш, топуракты, аба ырайын чамалап көрүптүрда:

- Өзү үч күндүк жол экен, мейли, чоң сүйлөбөйүн, көбү менен алты күндө барсам керек, - дейт.

Макулдашышып, ташбака жолго түшөт...Арадан алты күн өтсө деле, белгиленген даректе ташбакадан дайын жок болот. Аны издеп, жолдун ортосунан табышат.

- Ай, сен бардык шарт мүмкүнчүлүктөрдү алдын-ала көрүп билип, чамалап алган элең го! Өзү үч күндүк жол экен, мен алты күндө басып өтөм деген элең. Алты күндүн ичинде жарымына араң жетипсиң! Ушунчалык алсызсыңбы?! – деп ташбаканы жемелешет.

Ташбака капалуу башын чайкап:

- "Мени күнөөлөбөгүлө! Мен арадагы аралыкты, жолдун өйдө-ылдый болгон жерлерин, жадагалса таштак жерлерди, аба ырайын эске алыпмын дагы, бирок бул жолдон өтө турган иттерди, акмактарды, келесоолорду, заалымдарды эсепке албаптырмын. Эми алдыга жылайын дегенимде эле, алдымдан ит же бир заалым, же бир акмак чыгып, мени тескери оодарып, бутумду асмандан кылып коюшту. Качан өзүмдү оңдоп, дагы жолго түшүп алгыча бир топ убакыт жана күч-кубатымды жоготтум... Көздөгөн жерге чейинки аралыкты болжолдоп жатканда, жолдон чыгышы мүмкүн болгон акмак, акылсыз, макулуктарды да эсепке алуу шарт экен, - дептир.

...Биз бул ташбаканы өтө жакшы түшүнөбүз. Туурабы туугандар?!

Сулайман Кочкорбаевдин https://www.facebook.com/sulayman.kochkorbayev баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости