www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владмир Путин жылдык тапкан-ташыганы беш миллион рублден ашкан байлардан 15% киреше салыгын алуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Кремлдин сайты кабарлады. Ага ылайык байларга салынчу салык келерки жылдын 1-январынан тартып жогоруламакчы. Ал эми кирешеси беш миллионго жетпеген тараптардан 13% киреше салыгы алынат.
Жаңы өлчөм кирешенин бардык түрүнө, анын ичинде дивиденддерге, батирлердин ижараларына, чет өлкөлүк компаниялар көзөмөлдөгөн кирешеге, маселен камсыздандыруудан, кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акчага да колдонулат.
Бийлик чогулган каражат катуу жана сейрек кездешчү дартка чалдыккан балдарды дарылоого жумшаларын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg