www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маршруттук таксинин айдоочусу айда деп тепкилеген окуя Бишкек шаарындагы 193-маршруттук таксиде болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Видео 193-кичи автобус каттамында тартылган. Маршруттук таксинин айдоочусу Абдибаитов. З.А.нын айтымында, жаңжалды жүргүнчү аял баштаган. Ал кыймылды тездетүүнү же салондогу адамдардын бардыгына акчаны кайтарып берүүнү талап кылган. Андан кийин ал күч колдонуп, айдоочуну бир нече жолу уруп, орой сөздөрдү сүйлөп, өзүм билемдик менен акча алган.
Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине ылайык, коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү айдоочунун ишине такыр жолтоо болбошу керек. Маршруттук таксинин айдоочусу Свердлов РИИББине арыз жазды", - деп билдиришти мэриядан.
Эске салсак, буга чейин маршруттук унаалардын биринен жүргүнчу жаңжал чыгарып, айдоочуга кол салганы тууралуу маалымат тараган.
Булак: NazarNews.kg