www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда коррупция жана кылмыштуу топ тууралуу айып коюлган мурдагы президент Николя Саркозинин соту башталды. Ал өлкөнү 2007-2012-жылдары башкарган. 68 жаштагы саясатчы күнөөсүн мойнуна алган эмес жана айыптардын баарын четке кагып келет.
Өткөн айда «Le Figaro» басылмасы башкы мамлекеттик финансы прокуроруна шилтеме кылып Саркозиге кылмыштуу топко тиешеси бар деген айып коюлганын жазып чыккан. Ага ылайык, саясатчы ливиялык диктатор Муаммар Каддафиден президенттик шайлоо өнөктүгүнө акча алган деп шек саналууда. Буга чейин Саркозиге бул иштин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча да айып коюлган. Француз экс-президенти 2007-жылы президенттикке ат салышып жаткан учурда 50 миллион евро алган деп шек саналып жатат. Ал шайлоонун экинчи айлампасында социалисттердин талапкери Мари-Саголен Руаялды утуп чыккан.
Бул иштин алкагында Николя Саркозиге негизги айыптар 2018-жылы коюлган. Саясатчы бул айыптарды толугу менен четке кагып, тергөөнүн позициясы Каддафинин сөзүнө гана негизделгенин айтып келет.
16-октябрда Саркози «Твиттердеги» баракчасына өзүнө коюлган айыптар негизсиз экенин жазып, «акыйкат эртеби-кечпи орнойт» деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg