www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жума ичинде балдар үчүн ишеним телефонуна 2 миңден ашуун чалуулар келип түштү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-ноябрынан 21-ноябрына чейин 2 миң 43 телефон чалууларкелип түшкөн. 1 миң 999 чалуулар каталуу же жалган чалуулар болгон: Интернетти туташтыруу жана уюлдук операторлордун жүктөө блоктору, телефон бейбаштыгы, тез жардам, полиция, өрткө каршы кызматы жана башка уюмдар жөнүндө суроолор.

Аталган дарекке келип түшкөн 44 кайрылуунун ичинен 6 эркектерден, 38 аялдардан, 16 балдардан келип түшкөн (эркек балдар - 3, кыздар - 13). 32не консультациялар жана сунуштар берилди, 7 абонентке телефон аркылуу психологиялык консультация берилип, 5 чалуу мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө багытталды. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости