www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-6-октябрда жаракат алгандар жардамга муктаж

Жактоочу Замир Жоошев 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларда жаракат алгандар жардамга муктаж экенин айтып, жабырлануучулардын биринин көзүнө резина ок тийип, ал баш сөөгүндө калып калганын далилдеген рентген сүрөттү жарыялады. Бул тууралуу жактоочу социалдык тармактагы баракчасында жазган.

"Бул 5-6-октябрда жаракат алгандардын биринин рентген сүрөтү. Бир көзүнө резина ок тийип, ал баш сөөктө такалып калган. Окту Кыргыз өлкөсүндө ала алышпайт экен. Операцияны чет жакта гана жасоо керек. Бирок анын буга каражаты жок. Жабырлануучуга кантип жардам бере алабыз?", - деп жазган Замир Жоошев.

"Бул рентген сүрөттү башка жабырлануучудан алдым. Баш сөөгүнүн ичинде ок калып калгандар учурда экөө. Буга байланыштуу жабырлануучуларга тез арада операция жасоо зарылдыгы бар. Мындай операция Орусияда жасалат экен. Бирок жаракат алган балдар каражаты жок бара албай жатышат. Негизи эле 5-6-октябрдагы окуяларда жаракат алгандар жалпысынан 600-700 адамдай болот. Анын 100дөй кишиси оор жараат, ал эми 30дай киши өтө оор жараат алган. Дагы бир бала алган жаракатынан улам бутунда 10 сантиметрдей сөөгү жетишпейт экен. Ага операция жасоого 32 миң евро керек деп жатышат. Окятрь айындагы митингден жабыркап калгандардын баарына жардам берсек жакшы болот эле" , - деди Жоошев. 

  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости