www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура №79 орто мектебинин аймагында жайгашкан мыйзамсыз берилген жер тилкесин кайтарып берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.  

Маалыматка караганда, Ленин районунун прокуратурасы тарабынан жеке менчик көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталган. Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери социалдык объектилерди сатуу үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышканы такталган.  

«Мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 7 миллион 847 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат», - деп белгилешти Башкы прокуратурадан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости