www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз-тажик чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек". Бул тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул билдирди. 

--"Дүйнѳлүк практикада чек ара маселелери жабык эшик артында талкууланып келет, анткени бардык тараптар үчүн талылуу көйгөй. Дагы да эл аралык практикага таянсак чек ара маселеси сүйлөшүү жана согуш жолу менен чечилет. Согуш жолу менен чечилген кейстер да бар, бул талашып жаткан тараптардын баардыгына пайдасыз, жоготуулар, өлүм, чыгым.

Ал эми кыргыз-тажик чек ара маселеси сүйлѳшүү жолу менен гана чечилиши керек, бизге согуш жолу туура келбейт. Сүйлѳшүү жүргүзүү үчүн ЖККУ аянтчалардын бири боло алат", - дейт эксперт. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости