www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жаш, тажрыйбасы жок бала дайындалганда эле кооптонгонбуз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.  

--“Негизи тышкы саясат абдан оор тармак. Бул жакка эл аралык уюмдарда же башкаларда иштесе эле бөлүмгө келүү болбойт. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө тажрыйбалуу, аналитик адам келгени абдан туура. Себеби, ар бир болуп жаткан окуяга анализ жүргүзүп, изилдеп ошого жараша ой жүгүртүү зарыл.

Бул жерде экиге бөлүнөт: Биринчиси чоң саясат, экинчиси аймактык саясат. Айрыкча Борбор-Азияда чийелешкен маселелер абдан көп, ошого жараша ой жүгүртөө билүү абзел. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жаш тажрыйбасы жок бала дайындалганда эле кооптонгонбуз. Себеби ал чыныгы дипломат эмес экен. Биздей болуп эле эл аралык уюмдарда, же башка тармактарда иштеп келген экен. Мисалы, тышкы сектор, соттук сектор жана коопсуздук сектор дегендер бар. Ошолор абдан кыйын нерсе да. Жакында болгон Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы окуялар сыяктуу нерселерди алдын ала көрө билип, анализдей билүү керек эле. Эми бул менен аны күнөөлөй албайм. Жок дегенде анын орун басарлыкка тажрыйбалуу, көп жылдан бери бул тармакты аркалаган адамды коюш керек болчу”, - дейт Чынара Эсенгул.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости