www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынара Калыбекова: “Сөз - драманын атасы...”

Театр-жашоо күзгүсү

- Түн канчалык карангы болсо жылдыздар да ошончолук жаркырайт экен, театр чөйрөсүндө жаркыраган жылдыздар деп кимдерди атай аласыз?

- Жылдызы болбой түн болбойт демекчи, учурда театр чөйрөсүндө түндү көркүнө чыгарып, алтын Ай нурун чачкандай не бир залкар артисттер бар. Маданият чөйрөсүн буларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Тээ залкарлардан баштасак биринчи эле улуу актриса Бакен Кыдыкееваны атагым келет. Көп жылдар бою эмгектенип келген театр СССРдин эл артисти, театр менен кинонун жылдызы Бакен Кыдыкееванын ысымын алган. Андан кийин эле ушул театрда эмгек терлерин төгүп, жаштарга насаатчы, устат болуп кетишкен СССРдин эл артисти К. Медетбеков, Эл артисттер Б. Алиев, Б. Бейшеналиевдер эле.

-  Драманын улуулугу дарамутргдун жүзү! Ушул ойго кошуласызбы?

- Албетте. Туура суроо. Эгерде чыгарма чийки болуп, бети ачылбай турса, уюбаган айрандай болот да. Ар бир жакшы жаралган чыгарма дарамургдун жүзүн ачат. Жакшы драма жазуу үчүн алдын ала тапкан идеалар так, ачык, талапка жооп бергидей болуусу зарыл.

Чыгарма асмандан түшпөйт, ал сенин айлана – чөйрөңдөн эле кезигет. Ошол алган окуянын кульминациясын табууң керек. Бир кылка кете берсең, окуя өөрчүбөйт, образдар чыкпайт. Образдар супсак болсо, ойногон артисттин жүзүн эч качан ачпайт. Артисти ачып, элге тааныта албаган драма ал драма эмес. Драмада оң каарман, терс каарман, ошондой эле геройлор болот.

Баштаган драмада драматург алдын ала кандай ойнолоорун, кандай курч мамлелер болоорун, анын ичинде ар бир артисттин образындагы таасирдүү диологдор, монологдор кандай кетет, элге жетеби, жетпей калабы, мына ушул жагын да жазып жатканда ойлонуштурат.

Бир караганда үй курган менен барабар. Эшик терезеси жок бир үйдү элестетип көр. Анда кандай болот? Түмөн түйшүктү талап кылган драмалар өзү эле жарала бербейт. Баарын акыл – эске салып, калчап, ойлонуп, таасирленип анан баштайсың.

Мына ошондо жакшы драма жаралат. Жакшы драмадан драматургдун жүзү жарык болбой анан. Эң биринчи сенин жазган чыгармаң ошол коомго керекпи? Мына ошону ойлонуш керек. Ал чыгарма менен эмнени айта аласың? Тарбиялык мааниси эмнеде? Суунунун башын бургандай, сенин чыгармаңдан таасир алып, эл сени ээрчийби? Кеп мына ушунда.

Мыкты драма баардык талапка ылайык келүүсү зарыл! Бешиктеги баладан, аксакал чалга чейин сенин айтайын деген оюң так, даана түшүнүктүү болгону зарыл. Артыкбаш сөздөр чыгарманын ашмалтайын кетирет. Ошондон сак болуу керек.

Баары келип сөздөн куралат да. Сөздөн сак болуу керек. Түкүргөн түкүрүк кайра оозго алынбайт. Анын сыңарындай сөздөн ашык кетсе драматургдун башына тийген таяк. Сөз- драманын атасы.

- Сиз чарчооңузду кантип алдайсыз?

- Мен чарчаганда бирөөгө эрегишкенсип жазып кирем. Чыгармалардын баары дээрлик түн ичинде жазылат. Драма тармагына катуу кирип кеткенимдин себеби да ушундан болсо керек. Азыр мен драмасыз жашоомду элестете албайм. Убакытты кууп келем...

- Көз алдыңда турган бардык нерсе өзгөрүлөт жада калса кыйышпас досторун да. Сатып кеткен досторго кабылгансызбы?

- Менде дос жок. Мен жалгыз жүргөндү жакшы көрөм. Капа кылган кишиге анча маани бербейм. Анткени катасын түшүнөт дейм. Бирок мага кыянат кылгандарын көрө элекмин. Улуу – кичүү баары менен сыймын. Менимче мага кадыр, сый көрсөткөндөр көп. Сыйлашкан жакын курбуларым бар.

- Өмүр - өмүрүндө комуз чертпей жүрүп, эл астына чыкканда үйрөнүп кеткендей эле кеп. Адам баласы өзүн - өзү тарбиялашы мүмкүнбү?

- Толук мүмкүн. Эс тартканча ата – эненин көзөмөлүндө болосуң. Эс тарткан соң уядан учууга туура келет. Ошондон баштап өзүңдү өзүң тарбиялоонун үстүндө болосуң. Ар бир жашап өткөн күнүң сага улуу сабак болуш керек. Эң негизгиси “билбейм” деп башты жерге салбоо керек! Табигаттан баарын алууга сенин чоң мүмкүнчүлүгүң бар да. Изден, иште, аракеттен. Алдыга умтул!

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости