www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков бир катар делегаттар менен Москвага жумушчу сапары менен барган. Бул тууралуу Чынгыз Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Чыңгыз Айдарбековдун Москвага болгон сапарынын айланасында ар кандай кептер айтылып, маалымат социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, акырында Чыңгыз Айдарбеков өзү социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

Төмөндө Айдарбековдун билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды мамлекеттин кызыкчылыгы менен аралаштырбоо маанилүү экендигин баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Тилекке каршы, айрымдар муну түшүнө алышкан жок, ошондуктан "ишенимди жоготушту". Москвада эч ким менен жолуккан жокмун деген бир кабарчынын куру жалган сөздөрүнө таң калам деп айтсам өтө жумшак айтканым. Сиздин ары жок напсиңиз, көрө албастыгыңыз сизди дагы бир жолу чындыктан алыстап калганыңызды көргөзүп турат.

Москвага болгон сапарым тууралуу сөз кылсак, мен ушул жылдын 27-28-октябрында иш сапарым менен барып келдим. Сапар дипломатиялык каналдар аркылуу натыйжалуу иштелип чыккан. Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги жана Финансы министрлиги менен кызматташуунун конкреттүү маселелери талкууланды. Тышкы саясат - бул аяр, сезимтал, ар тараптуу маселе. Ошондуктан, натыйжага жетишүү үчүн диалогду ырааттуу, салмактуу, прагматикалык, ызы-чуусуз жана пиарсыз жүргүзүү керек.

Азыр пикир келишпестиктин мезгили эмес, тескерисинче баардыгыбыз үчүн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калууга жана Мекенди өнүктүрүүгө байланыштуу бир максат үчүн биригүү маанилүү.

p.s. Эгер сизди эч ким сындабаса, анда сиз иштебей жатканыңыз анык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости