www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

--Чыныбай мырза, матрезервдин унун унду кымбат сатпоо үчүн базарга сатыкка чыгардык деген саясат туурабы?

--Булар бир аз кечигип калышты. Айтайын дегеним, азыр рынок бааны өзү жөнгө сала баштады. Ал турсун азыр ун тансыктыгы учурунда заказ берилген ундар да келип, сатыла баштады.

--Резервде турган унду сатуу чын эле элди арзан ун менен камсыздообу же  кырдаалдан пайдаланып кампада турган унду сатып калуубу?

--Даяр ундар бузулуп кетпеш үчүн колдонууга берүү зарылдыгы да болсо керек. Ошон үчүн сатууну туура көрүшкөндүр.

--Эгер эл айткан маалымат чын болсо матрезервдин уну курттап кеткен. Өкмөт аны ундун эмес, жыгачтын курту деп актанган. Ал ундун ден соолукка зыяндуулугу жокпу?

--Ал мурда салынып, көпкө жатып калган ун болсо керек. Зыяны болгон үчүн кишилер жегенге тыюу салынды да.

--Эмне үчүн элди ун менен камсыздайлы, кыйын кырдаалда элге кол суналы деген  аракетиңер жасалма бут тосууларга кабылып жатат?

--Бут тосуулар жеке кызыкчылыктарын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан жогору койгондор тарабынан болуп жатат. Эл да аны көрүп, билип  турат...

--Бул апаат мамлекеттин, өкмөттүн дараметин ал тургай  кимдин ким экенин ачык көрсөтүп койдубу?

--Апаат биздин жыртык-тешиги көп экономикабыздын артындагы уяттуу жерлерибиздин баарын сыйрып атат. Эми ал жыртыктарды адаттагыдай жамай бербей, толугу менен жаңылашыбыз керек.

--Бул кыйын кырдаал кандай болгон күндө да атамекенчи өндүрүшчүлөргө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү зарыл экенин далилдедиби?

--Аткезчиликти токтотуп, атаандашуучулукка бирдей шарт түзүп бералбасак, же башка өлкөлөрдөй мамлекеттик колдоо көрсөтө албасак, өндүрүш өлөөрүн айдан ачык түшүндүк деп ишенгим келет. Демек, эмки кадамдар өндүрүшкө тикелей колдоо аркылуу жүрүшү зарыл.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости