www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коом мугалимдин эмгегин баалап, аны пир тутканда гана өлкөдө өнүгүү болот», - деди бүгүн, 26-январда NazarNews маалымат агенттигине №55-кесиптик лицейдин директору Чыныбек Ажыбеков.

- Чыныбек байке, окуучусунан сөгүү уккан мугалимдин өз эрки менен кызматтан кеткени коомчулукта түрдүү талкуу жаратууда. Күнөө кимде?

- Бул окуянын өзөгү 2 маселеде турат: Биринчиси, союздун урашы менен моралдык деградацияга тушуккан муун жетилип, алды ата-эне боло баштады. Баалуулуктарды сезбей, анын ичинде билимди баалабаган тарбиясы менен балдарына, коомго ошондой үлгү берип жатышат. Учурда баладан мурун ата-энени окутуу маселеси турат күн тартибинде. Коом мугалимдин эмгегин баалап, аны пир тутканда гана өлкөдө өнүгүү болот. Тилекке каршы, ата-энелердин көбү аны түшүнбөйт.

Экинчиси, эгемендик алдык деп эдиреңдегенибиз менен адам укугу, анын ичинде баланын укугу корголуш керек деп батыштын отуз жылдан бери үйрөтүп келаткан саясатынын жемиши. Натыйжада ата-бабалар салтын билип туруп чаңган деңгээлге келдик. Бул процесс жүрүп отуруп үй-бүлө институтуна доо келтирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости