www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыр башталган Төрт-Көчөнүн стратегиялык мааниси эмнеде?

Ворух анклавынын аймагы 1989-жылдан бери Кыргызстан менен Тажикстандын чырдашуусуна себеп болуп келет.

Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавын бириктирген жолдун жээгинде Кыргызстандын Көк-Таш айылы жайгашкан. Ал айылда кыргыздар менен тажиктер аралаш жашашат. Тактап айтканда, бир көчөдө кыргыздар, экинчи көчөдө тажиктер түтүн булатышат.

Көк-Таш айылы аркылуу Баткен—Исфана жолу өтөт. Ал Лейлек районун жана Баткен районунун бир бөлүгүн Кыргызстан менен байланыштырып турат. Ал эми Ворух анклавында 35 миң адам жашайт. Аны Тажикстан менен Ворух—Исфара жолу бириктирип турат.

Кыргызстандын Баткен—Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух—Исфара жолу Төрт-Көчө деп аталган жерде кесилишет. Ошол жерде Ак-Сай (Ворух) суусунда курулган көпүрө да бар.

Чыр чыккан кезде тажиктер Баткен—Исфана жолун, тактап айтканда, Төрт-Көчөдөгү көпүрөнүн бир башын жаап салышат. Ал эми кыргыздар Ворух—Исфара жолун, көбүнчө Ак-Сай айылы аркылуу өткөн жерин жабышат.

Эгерде Ворух—Исфара жолу баштан аягына чейин Тажикстандыкы деп тааныла турган болсо, анда Лейлек району менен Баткен районунун бир бөлүгү анклавга айланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости